www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-октябрь күнү түштүк магистраль менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде 20-25 жаштагы эки кыз жана эки эркек өспүрүм баланы коркутуп-үркүтүп, жакын жерде жайгашкан дүкөндөн арак сатып берүүсүн талап кылган. Бирок, өспүрүм бала макул болбогондугунан улам 4 зөөкүр аны жакын жайгашкан таштанды таштоочу жайга алып барып, ур-токмокко алышкан. Бычактын мизин көрсөтүп, башка, белге чапкылашкан. Качан гана көчөдөн бейтааныш адам үн салганда тиги төрт зөөкүр качып кетишкен.

Учурда жабыркаган өспүрүм ооруканада жатат. Жакындарынын айтымында психологиялык жактан жабыркагандыгы байкалууда. Окуя болгон жерден видео тасма дагы бар. Бирок, учурда бул окуя боюнча кылмыш иши дагы козголо элек. Жабырлануучунун туугандары “тиги 4 зөөкүр милиция менен жең ичинен сүйлөшүп, ишти жаап коебу” - деп кооптонууда.

Мына ушундай кейиштүү окуяны Фейсбуктагы баракчасына Айнура Темирова жүктөгөн.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости