www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка штатынын Холироке шаарында, 5 жаштагы бала мектебине кичинекей баштыкча менен  кокаин көтөрүп барган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
5 жаштагы бала наркотикти мугалим эжесине көрсөтүп, “муну оозуңузга салсаңыз, өзүңүздү жөргөмүш кишидей  сезесиз”- деп берген. Мугалим наркотик экенин билген соң, мектепке полиция кызматкерлерин  чакырган. Ошол эле замат, ал баланы текшерүү үчүн оорукана алып кетишкен. Кийин баланын адреси боюнча  үйүн таап, уктап жаткан атасын колго түшүрүшкөн. Үйүнөн 38 кичине баштыкча кокаин жана 170 баштыкча героин чыккан.  Баштыкчалардын сыртында  Spiderman деген белги коюлганы маалым болду. Белгилей кетсек,  ушундай эле белгидеги баштыкчаны бала мектепке көтөрүп барган. Бул окуя боюнча, атасы мыйзамсыз наркотик сактаган деген айып менен камакка алынып, сотту 20-ноябрда болмокчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости