www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-ноябрда Казакстандын Тараз шаарында 12 жаштагы кызды дааратканада зордуктап кетишти. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Тараз шаарында мектептердин биринде сабак учурунда окуучу кызды зордуктап кетишкен. Окуя болгон мектептин бир эле дааратканасы бар, бирок көп учурда жабык турат. Ошондон улам мектеп окуучулары көчөдөгү дааратканага барууга аргасыз. Ал эми ал дааратканга өткөн-кеткен адамдардын баары кире алат. Ошол жерге 7-класстын окуучусу география сабагынан суранып чыгып, ал жерден бачабаз кызга кол салган. Жабырлануучу кыз окуяны класс жетекчисине айтып берген. Эки сааттан кийин кылмышкер кармалган.

Жабырлануучу шектүүнү аныктап, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Маалымат боюнча окуяга шектүү делген адам 38 жашта, буга чейин уурулук үчүн соттолгон.

Мектепте камералар бар, кылмышкер камерадан так көрүнүп турат, бирок окуя болгон учурда камераны караган кызматкер ордунда отурган эмес.

Учурда мектептин завучу, вахтер жана окуучуну сабактан бошоткон мугалим жумуштан четтетилди.  Мектеп директор да, милиция кызматкерлери да окуя боюнча жооп берет.

Жабырлануучунун абалы канаатандырарлык. Мектеп психологу ал окууну улантууга даяр экенин билдирди. Шектүү күнөлүү деп табылса, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости