www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бельгияда жашаган 9 жаштагы Лоран Симонс аттуу бала декабрь айында электротехник кесиби боюнча бакалавр болуп чыгат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, баланын окууну тез үйрөнүп, өздөштүргөнүн чоң атасы менен чоң энеси байкап калган. Мектепте мугалимдер ар кайсы класстардын сынай турган тесттерин берип сынап көрүшкөн. Ал берилген тесттердин баарын бешке тапшырган. 

Азыркы тапта Симонс Эйндховен атындагы технологиялык университетинде электрониканы окуп жатат. Университеттин жетекчилиги балага колдоо көрсөтүп, анын өзүнө ылайыктап расписание түзүүсүнө мүмкүнчүлүк беришти. 

Бакалаврды бүткөндөн кийин Симонс электроника боюнча докторлук даражаны алууну жана медицина тармагын окууну пландап жатат. Ага дүйнө жүзүндөгү алдыңкы ЖОЖдордон сунуштар түшүп жатат.

Баланын талантына карабастан ата-энеси Лорандын эс алганга да, жашоонун ырахатын алганга да убактысы болуш керек деп эсептешет. Ал бош убактысында өзүнүн жакшы көргөн ити жана телефондогу ар кандай оюндар менен ойногонду жакшы көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости