www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУнун башкы катчысынын м.а. Валерий Семериков Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«ЖККУ мүчө мамлекеттер Кыргыз Республикасынын коомдук-саясий системасын, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, коргонуу түзүлүштөрүн жакшыртуу боюнча жасаган ырааттуу аракетин чоң ыклас менен кароодо. Кыргызстан эл аралык аренада кадыр-баркка ээ, региондогу өлкөлөр менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө умтулууда. Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын ЖККУ төрагалыгынын маанилүү функцияларын ийгиликтүү аткаргандыгын жана Уюмдун алкагында аскердик-саясий кызматташууну бекемдөөгө көрүнүктүү салым кошконун өзгөчө белгилеп кетүү керек, „- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында. Валерий Семериков Сооронбай Жээнбековго ден соолук, бакубаттуулук жана Кыргызстан эли үчүн жасаган мамлекеттик ишинде чоң ийгиликтерди каалаады.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости