www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Саратов шаарында 10-октябрь күнү кечке жуук 9 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Лиза Киселева аттуу окуучу 9-октябрь күнү эрте менен сабакка кеткен бойдон кайтып келген эмес. Эки күн бою аны милиция кызматкерлери менен кошо 2 миңден ашуун шаар тургундары издешкен. Бирок, тилекке каршы, анын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси гараждардын биринен табылган.  

Кыздын өлүмүнө шектүү катары 1984-жылы туулган Михаил Туватин аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Ал мурда зордуктоо жана каракчылык беренелери менен соттолуп чыкканы аныкталган. Кылмышка шектүү Лизаны өлтүргөнүн мойнуна алып, суракта эмне үчүн өлтүргөнүн айтып берген. Анын көрсөтмөсүнө караганда, кыз ага орой жооп бергендиги үчүн өлтүрүп, анан анын жансыз денесин гаражга катып койгон.

Кечээ кечинде кылмыш болгон жерде жүргөн полициянын тергөө иштеринин учурунда миңдеген адамдар чогулган митинг болду. Алар Туватин отурушу мүмкүн деген полициянын унаасын тегеректеп, унааны ачууну талап кылышты. Тургундар Туватинди өздөрү соттомок болушкан. Бирок, унаада кылмышка шектүү жок болгон жана полиция митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.

Андан соң шаар тургундары кылмышка шектүү жеткирилген полиция участогуна барып, жолдорду тосуп, бүгүн эрте менен гана тарашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости