www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында ишкер Эркин Мамбеталиев, Баткен милициясынабы же чек ара кызматынабы айтор башыбыз айланып калды, эки жол тандабас берди деп уктук эле. Эми андан кызыктуу фактылар чыгууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турсубеков парламенттин жакындагы бир жыйынында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында бир эле тик учак бар, аны көп жылдар бою чет элдиктерди ташуу үчүн ижарага берилип келгендигин айтып, андан түшкөн акча каякта экендиги менен кызыкты. Ошондой эле ӨКМ бир убакта жаңы тик учак алуудан баш тартып, эскини оңдоп алабыз деген экен. Бирок 2018-жылы жаңы вертолет алууга туура келет деп 10 миллион доллар сураганы кандай? Чындыгында, айрыкча Кыргызстан тоолуу өлкө болгондон кийин тик учакка куткаруучулар муктаж. Бирок, буга чейин ижарага берип келген тик учактын ижара акысы кайда? Оңдоо керек деп бөлдүргөн тыйындар кайда?

Эми эң кызыгы!!! Эркин Асрандиев деген бир “шышканы” билесиңер. Жакында оптонуп, көлдү сүзүп өтөм деп бүтүндөй өлкөнүн чаңын сапырган. Көлдү сүзүп баратып жоголуп кетпеди беле. Байкуш башка бир карапайым чөксө “мыш” –деп дагы коюшмак эмес. Мына ошол “балык” чөгүп кетти дегенде издөө иштерине ӨКМ Эркин Мамбеталиевдин Ысык-Көлдөгү кемесин ижарага алыптыр! Эми түшүндүңөрбү ӨКМдеги коррупциянын масштабын? Баса, Дача Сууда учак кулаганда жабыркаган элге коомчулук ӨКМдин эсебине акча которду эле? Ошол боюнча толук маалымат беришти беле? Анда ӨКМди азыркы вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектеп жүрдү беле?   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости