www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нидерландыда прокуратура 9 жылдан бери алты баласы менен чарбалык үйдүн жер төлөөсүндө элден бөлүнүп жашап келген кишини эки баласына сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп айыптоодо. Бул тууралуу РИА Новости NL Timesга шитлеме берип жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 67 жаштагы Геррит Ян ван Д. 16 жашка чыга элек эки баласына сексуладык зомбулук көрсөткөн деп айыпталып жатат. Ал бир баласына 2002-жылдан 2006-жылга чейин, ал эми экинчисине 2004-жылдын август айынан 2008-жылдын август айына чейин зомбулук көрсөтүп келген. Ал баласына каза болгон аялынын жаны кирип кеткен деп эсептечү.
Мындан сырткары, киши балдарына орой мамиле кылуу, денеге зыян келтирүү жана мыйзамсыз эркинен ажыратууга шектелип жатат.
Эскерте кетсек, буга чейин ММКларда Нидерландынын Дренте провинциясынын түндүк-чыгышында киши 18 жаштан 25 жашка чейинки алты баласы менен 9 жылдан бери чарбалык үйдүн жер төлөөсүндө жашап келген деген маалымат чыккан. Үй-бүлө тууралуу улуу баласы жергиликтүү барлардын бирине барганда маалым болгон. Бардын ээси укук коргоо органдарын чакырып, окуя боюнча 58 жаштагы чарбачы Йозеф Б. менен үй-бүлөнүн атасы кармалган.
Булак: NazarNews.kg