www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында коронавирус оорусу күчөп жаткандыгына байланыштуу, «Манас» аэропортунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери Үрүмчүдөн учуп келгендерди текшерип жатат. Бул тууралуу жергиликүү басылмаларга аталган мекеменин басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди. Анын билдиришине караганда, Кыргызстан Кытайда тарап жаткан жаңы вируска каршы туруу боюнча аракеттерди баштап, Үрүмчүдөн учуп келгендерди аэропорттон текшерилип жатат.
Белгилей кетсек, Кытайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканына байланыштуу 23-январдан 1-февралга чейин каттамдар убактылуу токтойт. Ушул тапта, Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча учак күн сайын каттап турат.
Эске салсак, ушул тапта Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында коронавирус оорусунан каза болгондордун саны 9га жетти.
Ушул тапта, ооруга чалдыккан адамдардын саны күн санап өсүүдө. Азыркы учурда ооруга чалдыккан адамдардын саны 440ка жетсе, 227 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 51и адам оор абалда деп айтылса, 12 адам өтө оор абалда. Ал эми бул оорудан 9 адам каза болду.
Кытайда пайда болгон аталган оору Тайванда, Түштүк Кореяда, Японияда, АКШда жана Таиландда катталды. Ал эми Сингапур, Гонконг жана Австралияда бул ооруга окшош вирус табылды.
2019-жылдын декабрь айында коронавирус чакырган пневмония оорусу Кытайдын Ухань шаарында катталган.
Булак: NazarNews.kg