www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык «Аалам сулуусу-2022» сынагы Америка Кошмо Штаттарынын Жаңы Орлеан шаарында өттү. Жалпы 84 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан сынактын алгачкы иш-чаралары 2023-жылы 4-январда башталып, финал 14-январда жыйынтыкталган.

Алардын арасында эң жаш катышуучу болгон кыргызстандык Алтынай Ботоярова болгону 18 жашта. Ал «Кыргызстандын сулуусу-2021» сынагында жеңүүчү болгондон кийин эл аралык сынакка даярдыктарды баштаган. Дүйнөлүк масштабдагы чоң сынакка катышуу үчүн канча убакыт, канча каражат коротконун АКИpress агенттигине берген маегинде айтып берди.

«Жалпысынан 3 ай бою күнү-түнү даярдандык. "Аалам сулуусу" сынагына катышуу үчүн мүчөлүк акы 17 000 доллар экен. Андан тышкары барып-келген жол кире, даярдык иштери, видео тасма, костюмдар үчүн өзүнчө каражат короттук.

Менин демөөрчүм — апам. Кичине кезимден бери сынактарга катыштырып, колдоп келгени үчүн апама чоң ыраазычылык билдирем. Үй-бүлөм мени дайыма колдоп, күнү-түнү жанымда жүрөт», - деген Алтынай жалпы сумманы айкан жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости