www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз жок. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов билдирди.

Парламентте депутат Исхак Масалиев борбор калаага өзгөчө кырдаал киргизгенге негиз барбы деп сурады.

"Кыргызгидромет агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча 50 датчиги бар. Анда зыяндуу бөлүкчөлөр нормадан тогуз эсе ашкан. Өкмөттүн токтомуна ылайык, өзгөчө кырдаал нормадан 50 эсе ашкандан кийин киргизилет. Андыктан бүгүнкү күндө мыйзамдуу негиз жок", - деди Кулматов.

Андан соң депутат "мындай кырдаал адамдын ден соолугуна зыяны тиеби же жокпу?" деп кызыкты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева зыяны бар экенин айтып, бронхиалдык астма, аллергиялык оорулар, дем алуу органдары менен жабыркагандар көбөйүп жатканын маалымдады.

Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун зыяндуу заттардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасиринин индексин иштеп чыгуу сунуштамасы бар. Кайсы чекке жеткенде "кооптуу", "өзгөчө кырдаал" деп атоо үчүн мыйзамдуу норма болушу керек.

Мындан улам депутат медиктер унчукпай отура бербей бул тууралуу коңгуроо кагып чыгышы керектигин айтты.

Белгилей кетсек, кечээ айрым депутаттар борбор калаага өзгөчө абал режимин киргизүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости