www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр 2020-жылы Кыргызстандан сыртка чыккан капиталдын агымы мурдагы жылга караганда эки эсеге көп, атап айтканда 215% көбөйгөн. Анын 97% Орусия менен Түркияга которулган. Тактап айтканда былтыр Кыргызстанга кирген каражаттын өлчөмү 2 млрд. 738 млн. долларды түзсѳ,  тышка которулган каражаттын кѳлѳмү 1 млрд. 82,5 млн. долларга жеткен. Анын 80% Орусияга, 17% Түркияга, калган 3% АКШ, Германия, Казакстан өңдүү чет өлкөлөргө которулган.

Орусияга акча жөнөтүүлөрдүн көлөмү апрель айынан баштап чукул өскѳн. Эң ири сумма август айында которулуп, 120 млн. доллардан ашкан. Ал эми Түркияга которулган акчанын агымы сентябрь-октябрь айларында 55-57 млн. доллар менен жогорку чекке чыккан. Улуттук банк каражаттар кандай максаттар менен чыгарылганын так айта албай турат.

Кыргызстандагы банктардын чет ѳлкѳгѳ валюталык операциялардан тапкан кирешеси 2022-жылы 539% өскөн. Тагыраагы, банктар 2021-жылдын тогуз айында валюталык операциялардан 11 млрд. 11 млн. сом таза киреше тапкан болсо, 2022-жылдын ошол мезгилиндеги пайдасы 59 млрд. 302 млн. сомго жеткен.
Мындан улам, Кыргызстандан чет өлкөлүк накталай акчаны долларды алып чыгууга 16-январдан баштап убактылуу тыюу салынды.
Ал эми Кыргызстандан сыртка чыгып кеткен каражаттарга байланыштуу инвестициялык капиталдын агымына көңүл бура турган болсок, Улуттук статистика комитети жарыялаган 2022-жылдын тогуз айынын статистикасына ылайык, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанга 958,3 млн. доллар инвестиция кирсе, өлкөдөн 563,5 млн. доллар капитал чыгып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости