www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз кыздары эч качан жүзүн жапкан эмес. Жигиттер менен тең аттын кулагында ойноп, ээн-эркин өсүшкөн. Мындай пикирин акын, драматург Менди Мамазаирова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--Меңди эже, Кыргызстанда жоолук салынган ырчылар, жапжаш кыздар көбөйдү. Ар бир үйдө хиджаб кийүү кадыресе көрүнүшкө айлана баштады. Кыргызга жат көрүнүш эмне үчүн акыркы мезгилде күч алды?

-- Жоолук! Бул кыргыз ургаачыларынын сыйлуу баш кийими экенин эч ким тана албайт. Илгери апалар: Ак жоолугуң башыңан түшпөсүн!-деп алкачу. Бул өтө улуу сөз эле. Жашоо, өмүр дайыма кыймылда. Улам муундар алмашып, улам заманбап техникалар келип, адамзаттын жашоо багытын, тиричилигин өзгөртүп отуруп атпайбы. Бирок, ар бир улуттун баалуулуктарынын түбөлүк кала тургандары бар. Жоолук башынан түшпөгөн кыз, келин болуп эсептелет эле. Азыркы техниканын, дүйнөлүк цивилизациянын таасири баарына тийди. Анын жакшы да, туура эмес жактары да бар. Биздин улут Советтер союзунан бери европалык кийим-кечени артык көрүп ошону кийип жүрдүк. Улуттук татынакай кийимдерибиз "Эскинин калдыгына" айланган. Улуттук кийимдерди өнөрпоздор, сахна адамдары гана кийчү. Эгемендик алган 30 жылдын ичинде башатыбызга кайткандай болдук. Негизинен кыргыз кыз-келиндери ападан калган баалуулуктарга кайрылдык. Негизинен улуттук кийимдерди аздектеп кийе баштадык. Бул албетте, улуттун өзгөчөлүгүн белгилеген жакшы салт болду. Эгемендик алып, демократия келип, ар ким өзү каалагандай өмүр сүрө баштады. Эркиндик деген бизге шумдук таасир берди. Бул жакшы жагы дегилечи. Ошол эркиндик менен кошо коомго ар кандай агымдар да шатырап кирип келди. Арабдардан баштап, ар кыл улуттар бизге жылып кирип, ар кимиси өздөрүнүн идеологиясын тарата баштады. Баарын бат кабыл алгыч, тез үйрөнгүч биздин улут тандап отурбай эле аларды дароо туурап, алардын бас деген жагына басып кетип баратканы, бул улуттук, коомдук зор маселе.

Негизинен бир системадан бир системага өтүүдө, "өткөөл" мезгилде ар бир адам, ар бир мамлекет кризиске учурамагы анык. Ал мезгилден тез өтүп, жаңы системага сала коюу кыйын. Нечендеген баалуулуктар кыйроого учурайт. Кабыргасы ката элек, калыптанып бүтө элек жаштар бул көрүнүшкө туруштук берүүсү кыйын. Мына ушундан пайдаланып, биздин жаштарды ар кандай секталарга, идеяларга, диндерге алып кирип кетүү оңой. Азыр жоолук салынып (анысы мейли дечи!), хаджаб, паранжа жамынган, турпатын бүтүндөй карага ороп, жылтыраган көзү гана көрүнүп, көчөдө жүргөн жаштар көбөйдү. Мунун арты жакшы болбойт. Биринчиден кыргыз улуту ошентип отуруп өз облигин жоготуп атса, экинчиден кара жамынгандардын ичинде кандай пенде бар? Алар өз жүзүн бекитип туруп ар кандай кылмыштарга барганы сейрек болсо да, далилдер болгон.

Коом таза болуш үчүн кыргыз улуттук облигин, кийим-кечесин сактап калыш үчүн баарыбыз жалпы аракет кылышыбыз керек. Кыргыз кыздары эч качан жүзүн жапкан эмес. Жигиттер менен тең аттын кулагында ойногон ээн-эркин өсүшкөн, керек болсо жоо-жарагын колго алып жоодон элин сактаган баатыр кыздар болушкан. Кайдагы бир бизге жат улуттун кийимин кийип, оронуп-чулганып отуруу алардын түшүнө да кирген эмес! Эне катары айтаарым: жаштар, айдай жүзүңөрдү жаппагыла, билимге-илимге умтулгула, улуттук кийимди, баалуулуктарды көздүн карегиндей сактаганга үйрөнгүлө. Баары бир араб же орус же башка улут болуп кете албайбыз. Өз элиңерди, жер-сууңарды, мекенди сүйүүдөн артык эчтеке жок!

Кээ бир аты чыгып калган ырчылар, сырттан алган арам акчаларга кызыгып, динди бетке кармап, ымыркай, жашы жете элек кыздарды азгырганыңарды кескин токтоткула! Аларды өзүңөдүн арам ишиңерге аралаштырбагыла! Кыргыз улутунун кылымдардан бери келе жаткан улуу мурастарын бурмалап, наристелерди өзүңөрдүн ыплас көчөңөргө жетелебегиле! Ушундан ашкан күнөө динде да жок болуш керек! Акылыңарга келгиле! Антпесеңер арты жаман болот. Эл аралык чатактардын элчиси болуп калбагыла!

-- Эркектин манкурттугунан да, аялзатынан манкурттугу коом үчүн чоң азап деген ойлор айтыла баштады. Бул боюнча кандай пикирдесиз? 

-- Эркек бузулса эл бузулат. Аял бузулса ошол элдин тукуму бузулат! Бул аксиома эң туура. Аялдын караңгылыгы же акылмандыгы бүтүндөй тукумга берилет. Ошондуктан ириде аялзатынга кам көрүүгө да эркектер жооптуу.

-- Арабдардын атын жаңы туулган ымыркайларга коюу да адатка айлана баштады. Минтип отурсак, кыргыз деген улутту жоготуп албайбызбы?

-- Баягы эле туурагыч, тез берилгич, бат үйрөнгүч, намыссыз кыргыздар да. Бул жерде да ата-бабадан келаткан салтты, адатты, мурасты сактабай кайдыгер болуу. Өзүбүздүн сонун аттарды чанып, кайдагы бир бейтааныш ысымдарды коебуз. Мен буга караманча каршымын. Бала туулганда зор тилек, максат менен кыргыздын мыкты аттарын коюу парыз жана милдет!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости