www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент, азыркы тапта бир катар кылмышка шектүү катары өтүп жаткан Алмазбек Атамбаевдин катарында Алга Кылычев деген эргул бар болчу. Ошол эргулду убагында Атамбаев кантип командасына кошкон ким билсин, далай кызматтарды берди убагында, ал кызматтардан ызы-чуу менен кетип жүрдү. Негизинен эле жүзүнөн саткын, ишеничтүү эмес экени байкалып турчу. 

Атамбаевдин тарапташтарына эми жетсе керек. Айтсак, мурдагы президенттин тарапташтарынын адвокаты Замир Жоошев, Алга Кылычев темир тор артында отуруп алып, сагызгандай сайрап, бардыгын “сатып атат” –дейт. Анын айтымында ал тергөө менен "макулдашуу" түзүшү мүмкүн. Анда ал СДПКнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевге каршы көргөзмөлөрдү бериши толук ыктымал. Эх, Алга, “алга”- дегенсин го...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости