www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуя кечээ, 7-октябрда Орусиянын Новосибирск шаарындагы Хилок базарында болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, мушташка 200дөй адам катышып, ок атылганы да айтылды.  Окуя болгон жерге полиция жана ОМОН тартылып, жалпысы 50 киши кармалган.

Жабыркагандар тууралуу так маалымат жок, бирок резина ок тийген 5 адам ооруканага кайрылганы маалым болду.

Ал эми чыр-чатак базарда иштеген ишкерлерден акча талап кылуудан улам чыкканы айтылды. Мушташка Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары катышкан.

Хилок базары – жалпы Сибирдеги жашылча-жемиш сатылчу эң чоң базарлардын бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости