www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала качылды делген кыз Талас облусунда болгону аныкталган жок, бирок, текшерүү, иликтөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБинен кабарлашты.

Талас ОИИБинин маалымат катчысы Динара Сарногоеванын берген маалыматына караганда, бул факты Талас облустук ички иштер башкармалыгынын  Маалыматты эсепке алуу журналына катталды. Облустун  баардык  райондорундагы  тиешелүү кызматкерлерге тапшырмалар берилип, иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда аталган окуя Талас облусунун аймагында болгондугу аныкталган жок. Азыркы учурга чейин мындай мазмундагы арыз билдирүү менен милицияга эч ким кайрылган жок. Видеодо көрсөтүлгөн окуя Таласта деген маалымат чындыкка дал келбей жатат. Аталган видео боюнча текшерүү жана иликтөө иштери уланууда.

Эске салсак, социалдык тармактарда “Таласта 2003-жылы туулган кызды 84-жылы туулган жигит ала качып кетти” деген видео таркаган. Анда бул окуя 2019-жылдын 6-октябры болгон деп көрсөтүлүп турат.

Видеодон көшөгө артында бир кызга жоолук салууга аракет кылып жатышканын, ал кыздын чыңырып, колунан келишинче каршылык көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле, күйөө баланын достору ырдап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости