www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Секси” колбаса талашка түштү

“Чучугуңуз секси экен...” деп эт тейлегендерге карата айта турганга жаңы “комплимент” даяр. Дегенибиз, буга чейин жаштар бир нерсенин чырайлуу, өзгөчө экендигин билдирүү үчүн “секси” сөзүн колдонуп келишсе, эми ал атактуу боло тургандай.

Өзбекстандагы бир ишкананын социалдык тармакка чыккан бул сүрөтү катуу талкууга түштү. Адамдын ою күлүк эмеспи, балким ал ишкананын аталышы ката эмес, атайылап эле жазылгандыр дегендер да болду.

Анткен менен аны, латын алфавитине өтүүнүн катачылыгы катары көргөндөр да арбын. Көрсө “KOLBASA SEXI” деген жазуу, “Секси” эмес жөн эле “Колбаса цехи” экен. Анда туурасы, “KOLBASA SEHI” деп жазылса керек эле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости