www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда кармалган Юлия Юзик тыңчыбы?

Тегерандын укук коргоо кызматы тарабынан кармалган Юлия Юзикти Иран бийлиги тыңчылыкка (шпионаж) шектеген жок. Мындай маалыматты Иран ислам республикасынын өкмөтүнүн мүчөсү Али Рабии маалымдады. Буга чейин Юлия Юзик дал ушул шек боюнча колго түшүрүлдү деген маалымат тараган болчу. Али Рабиинин маалыматы боюнча азыркы тапта бардык маалыматтар тыкыр изилденип, текшерилип жатат.

Белгилүү болгондой, россиялык журналист Тегеранга 29-сентябрда учуп келген. Россиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Ирандык өнөктөштөрүнүн мындай кадамын кескин сынга алып, бул эки өлкөнүн кызматташтыгына доо келтирээрин маалымдады. Бир четинен Ирандын мындай кадамынын жүйөлүү себептери дагы болушу мүмкүн. Себеби, Россия учурда Сириядагы жарандык согуштан кийин өзүнүн аскердик контингентин алып чыгууга кызыкдар эмес. Тескерисинче региондогу үстөмдүгүн сактап калууга далалат. Ал эми бул өз учурунда Ирандын кызыкчылыгына кескин терс таасирин тийгизет. Себеби, Иран ислам республикасы Сирияда өзүнүн опол-тоодой көксөгөнү бар.

Ошондуктан, учурда Иран өкмөтүнүн Юлия Юзик тыңчылыкка шектелбегендигин расмий билдирип жаткандыгы менен а чындыгында тетирден-тескери болуп чыгышы толук ыктымал. Деги, Иран өкмөт мүчөсү “бардык маалыматтар тыкыр изилденип, текшерилип жатат”-деп жөн жерден билдирбегендир. Болгону ал дагы Москванын кийинки кадамдарына байкоо жүргүзүп, негизи өнөктөшүнөн дагы кол жууп калбайлы деп чоочулап жаткандыр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости