www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Красноярск крайында же кыргызча Кызыл-Жарда Ижим дарыясынын жээгиндеги ѳрѳѳндѳ археологиялык казылуулардан улам, толук темир-зоот кийим-кечеси менен X-XII кылымдагы кѳчмѳн кыргыздын сѳѳгʏ табылды.

Ошол мезгилде кыргыздар Азияны чарк айланып Улуу кыргыз империясын түптөп турган. Мындай көрүстөндөр орус археологдору ʏчʏн да сейрек табыла турган нерсе. Булардын бардыгы байыркы заманда кѳмʏлгѳнʏн ИТАР-ТАССка Орус Академиясынын материалдык маданият тарыхы институтунун директору Наталья Соловьева билдирген. Анын айткандарын расмий тилде айта кетели: «Найденный курган представлял собой каменное сооружение округлой формы диаметром шесть метров. Там был захоронен прах воина, останки которого кремировали заранее. Такой погребальный обряд характерен для кочевых племен кыргызов».

Окумуштуулар жүздѳгѳн нерселерди - камчы, кельт-балта, жаанын октору, бычак, аскердик темир “бляшкалар”, андан тышкары ат жабдыктары: ʏзѳӊгʏ, жʏгѳн, ээр токум, тердик, желдик, куюшкан жана башка жабдыктары азыркы кʏндѳгʏдѳй жакшы сакталган.

 Соловьеванын айтуусунда темир предметтердин мынчалык жакшы сакталуусуна кѳп факторлор, анын ичинде көрүстөн орун алган жердеги топурактын курамы жана көрүстөндүн жайгашышы да таасир эткен.

Кичинекей көрүстөндөн табылгандардын уникалдуулугу тез аранын ичинде ааламга тарап кеткенинде. Иликтѳѳлѳр бʏткѳн соӊ табылгандар музейге ѳткѳрʏлʏп берилет".

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости