www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ингушетияда анын айынан кичи согуш чыгып кете тургандай абал жараткан альфонс сотко алып баратканда качып кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, окуя 2019-жылдын 2-октябрында болгон. Исса Альтемировду баш коргоо чарасын узартуу үчүн СИЗОдон райондук сотко алып бара жатканда качып кеткен. Дагы деле ал кармала элек.

Эске салсак, Исса Альтемиров – альфонстор бандасынын негиздөөчүсү Хасан Альтемировдун бир тууганы жана ошол банданын мүчөсү. Хасан Альтемиров июль айында, иниси Исса август айында кармалган эле. Алардын телефондорунан көптөгөн аялдардын сүрөттөрү жана видеолору табылган.

Бул кылмыштуу топ бир нече жылдан бери Ингушетиянын аймагында иштеп келишкен. Иш схемасы жөнөкөй эле – алгач күйөөсү бар аялдарды жазгырып, чогуу төшөккө жатканга чейин жеткиришет. Анан бул учурду видеого тартып алышат да, аны күйөөсүнө же туугандарына көрсөтөбүз деп коркутуп, ири өлчөмдө акча талап кылышат. Акча алган күндө деле, алар кайра-кайра акча талап кыла беришчү, акчасы түгөнгөндө башка эркектерге сатышчу.

Ушундай алданган аялдардын биринин күйөөсү окуя тууралуу билип калгандан кийин чоң чыр чыккан. Күйөөсү уят болгонун кан менен жууш үчүн Хасан Альтемировду атып салган, бирок бутуна ок тийген Хасан тирүү калган. Хасанга дагы кол салуу болгон, мунусунда 40тай киши ал жаткан ооруканага келишип, Хасанды берүүнү талап кылышкан. Алар Хасанды кайтарып турган 8 полиция кызматкерин сабап, бирок Хасанды таппай калышкан, аны бул убакта туугандары качырып кеткен. Бирок аялдардын шылдың болгон күйөөлөрү өлтүрүп коерунан корккон Хасан полицияга өзү келип, азыркыга чейин СИЗОдо отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости