www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сегиз айдан бери абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаров Кемпир-Абадчылардын маселесин чечүүнүн 3 жолун атап, бийликтегилерге кайрылды. Бул тууралуу мурдагы элчи Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ит жыгылыш варианты Кыргызстандын келечеги, элинин ынтымагы, саясий стабилдүүлүк үчүн Кыргызстандын саясатчыларын консолидацияга келишине жол ачышы мүмкүн.
Ал Кемпир-Абадчылардын кылмыш иши эмне себептен жабык каралат деп суроо салды.
"2023-жылдын 23-24-июндарында Россияда дүйнө элинин көңүлүн бурдурган “Вагнер” жеке аскер компаниясынын куралдуу аскер күчтөрүнүн козголоңу сүйлөшүү жолу менен токтолду.
Ушул эле күнү 23-июнда Кыргызстанда да “ .... массалык баш аламандыкты уюштуруп, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданышкан” Кемпир-Абадчыларын сот иши жабык эшик артында башталды...
Эгерде Россия аскер күчтөрүнүн куралдуу козголоңу эки күндө сүйлөшүү жолу менен токтолуп, мүмкүн Россияда болуп кете турган жарандык согуштан сактап калынса, Кыргызстанда Кемпир-Абадчылар сот отурумун мыйзамсыз баштаган судьяны мыйзамдуулукка чакырып, сот отурумун гимн менен баштап, судьяны эки жолу сот залынан чыгып кетүүгө мажбур кылды. Бирок Кыргызстандын бийлиги Кемпир-Абадчылардын үстүнөн 8 айдан бери жүргүзүлүп келе жаткан мыйзамсыз аракеттерин улантып, Кемпир-Абадчылардын, алардын адвокаттарынын айнылгыс далилдер менен келтирген жүйөөлүү аргументтерин уккусу да келбей, судьяга 7-июлдан тартып сот отурумун жабык эшик артында аткаруу боюнча мыйзамсыз чечим чыгартты.
Биз Кемпир-Абадчылар 8 айдан бери ачык тергөө жүргүзүлүшүн, эми болсо ачык сот өтсүн деп талап кылып жатабыз. Ачык сот өткөрүүдөн бийлик качып жатат.
Кемпир-Абадчылардын кылмыш ишинде эч кандай мамлекеттик же башка кызматтык жашыруун сырларды камтыган материалдар жок.
Бийлик үчүн кылмыш иштин тергөөсүн, эми сот отурумун жабык эшик артында аткарууга негиз болуп жаткан факты – бул кылмыш иштин ичинде Кемпир-Абадчылардын күнөөсүн далилдөөчү бир дагы далилдин жоктугу эсептелет.
Сегиз ай Кемпир-Абадчыларды мыйзамсыз камап салып, 37 тергөөчү, ондогон оперкызматкерлер аракеттенип, бир дагы далил табышкан жок. 2022-жылдын 23-октябрында Ак үйдөн токулган айыптоо токтому үтүр, точкасына чейин өзгөрүлгөн жок. Ошондуктан бийлик бир дагы далил жоктугун ачык сотто эл, коомчулук, журналисттер билип калышынан коркуп, ишти жабык өткөрүүгө аракеттенип жатышат. Негизги жашыруун сыр ушул.
Кемпир-Абадчылардын маселесин чечүүнүн 3 жолу бар:
1. Бул мыйзамдуу жол менен чечүү.
Ал үчүн мыйзам чегинде, ар тараптуу, обьективдүү жана калыс, ачык сот отурумунда сот териштирүүсүн өткөрүү керек. Бирок, бул жолдун Кыргызстандын тынчтыгы, элдин ынтымагы үчүн зыяны тийип калышы да мүмкүн. Себеби Кемпир-Абад маселеси ачык сотто кайрадан көтөрүлөт. Эл билбеген айрым имиш-имиш сөздөр, такталган жана такталбаган маалыматтар айтылат. Ансыз болбойт. Анткени Кемпир-Абадчылардын кылмыш иши Кемпир-Абад маселесине байланган.
2. Мыйзамсыз жол.
Бийлик 8 айдан бери ушул жол менен келе жатат. Бийлик албетте соттук териштирүүнү мыйзамсыз жабык сот отурумунда өткөрүүнү, жабык өткөн сот менен каалагандай мыйзамсыз чечимдерди алдырганга жетишет. Бирок, бул жолдун Кыргызстан, анын эл аралык имиджи үчүн жаман жагы Жапаров-Ташиев бийлиги “Кемпир-Абадды Өзбекстанга мыйзамсыз бергени аз келгенсип, ага каршы пикирде болгон күнөөсүз адамдарды да мыйзамсыз күчкө салып соттотуп жиберген” деген ачуу чындык тарыхта калат. Кемпир-Абадчыларды мыйзамсыз соттоткондор менен мыйзамсыз соттолгондордун ортосунда, алардын тукумдарынын ортосунда айыкпас кек пайда болот. Ал тукумдан тукумга, муундан муунга өтөт.
3. Тил табышуу жолу.
Кемпир-Абадчылардын кылмыш иши, Кемпир-Абадга байланыштуу саясий иш экени баарыбызга белгилүү. Ар-кандай саясий иш сүйлөшүү жолу менен чечилет.
Биз Кемпир-Абадчылар президент Садыр Жапаровго сүйлөшүү жолу менен ишти “ит жыгылыш” варианты менен бүтүрүү сунушубузду Рамазан айында бергенбиз. Бир жолу жолугушуу болуп, сүйлөшүү токтоп калды.
Сүйлөшүү кылмыш иштин “заказчиги” болгон УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, “уюштуруучусу” президент Садыр Жапаров бир тараптан, экинчи тарап болгон Кемпир-Абадчылардын ортосунда жүрүшү керек.
Ит жыгылыш варианты боюнча кылмыш иш, кылмыш окуясы болбогонуна байланыштуу кыскартылууга жатат. Анткени, Кемпир-Абад маселеси боюнча бийликтин өткөргөн чогулуштары кылмыш эмес да, башкалардын өткөргөн чогулушу кылмыш болуп калабы?!
Ит жыгылыш варианты боюнча жеңүүчү жана жеңилүүчү болбойт. Кемпир-Абадчылар 8 ай мыйзамсыз түрмөдө жатканын, Кемпир-Абадды сактап калуу үчүн күрөшкө аттанып, бирок душманга колго түшүп, 8 ай туткунда жатып, Кемпир-Абадды сактай албай калган баатырларча кабыл алууга тийиш. Экинчи Кемпир-Абад маселесин саясий майданында көтөрбөөгө милдеттүү.
Себеби, Кемпир-Абад де-юре, де-факто Кыргызстандын чек ара маселесин чечүүгө ыйгарым укуктуу КРдин президенти менен Жогорку Кеңеши тарабынан биротоло чечилди.
Биротоло чечилгенге чейин Кемпир-Абадчылардын Кыргызстандын атуулу катары Кемпир-Абадды сактап калуу боюнча Кыргызстандын президенти менен Жогорку Кеңешине таасир этүү аракеттери Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары, президент тарабынан колдоо тапкан жок. Тескеринче кылмышкер катары бааланды.
Ал эми Жапаров-Ташиев бийлиги Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы пикирин ачык билдиришкен Кемпир-Абадчылардын кылмыш иши жасалма экенин, аларды мыйзамсыз камап да пикирлерин өзгөртө алышпаганын моюндарына алышып, өздөрү козготкон жасалма кылмыш ишти, кылмыш окуясы болбогонуна байланыштуу өздөрү кыскартууга эрктүү буйрук берүүсү милдет.
Анткени, Жапаров-Ташиев көздөгөн максатына жетти. Кемпир-Абад түбөлүк Өзбекстанга берилди.
Кемпир-Абадды Өзбекстанга беришкен алардыкы туурабы же ага каршы болушкан Кемпир-Абадчыларчылардыкы туурабы – эми бул тарыхтын ишине айланышы керек!
Ит жылыш вариантынын маңызы ушунда, Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишин колдогондор менен каршылар ар-кимиси өз пикирлеринде калышат.
Мындан ары саясат майданында, сот отурумунда аны кайра-кайра көтөрө берүү Кыргызстандын стабилдүү өнүгүүсүнө, элдин ынтымагына залакасын гана тийгизет.
Биз, Кемпир-Абадчылар бийлик айткандай Кемпир-Абадды шылтоолоп массалык баш аламандыкты уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга эч кандай даярдык, аракет жасаган эмеспиз.
Бардыгы Жапаров-Ташиев бийлиги тарабынан “коркконго кош көрүнөт” принциби менен уюштурулуп, кимдер камалат тизмесине, айыптоо токтомуна чейин тергөөчү эмес, президенттин ПКАССчы (профессионал, кошоматчы, алдамчы, саясий сойкулар) бир юристи тарабынан даярдалган.
Аны Кудай алдында ачык же жабык өткөрүлгөн сот отурумунда далилдеп беребиз. Ал үчүн Кемпир-Абадчыларда билим, тажырыйба, дух жетиштүү. Мыйзам, чындык биз тарапта.
Кемпир-Абадчылар кус десе эки эселеп кусушуп, “Садыркелеп, Камчыкелеп” кечирим сурашып, кошомат кылышып жүрүшкөн качкын-соттолгон экс-президенттерден же коррупционерлерден эмес.
Кемпир-Абадчылар Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн бекем турган, өз ою, пикири бар, эркин сүйлөгөн, билимдүү жана тажырыйбалуу инсандар. Алардын арасында келечектеги Кыргызстандын президенти, депутаты, министри болчу заманбап, билимдүү жаштар бар.
Аларды мыйзамсыз камап, соттотуп Жапаров-Ташиев бийлиги эч нерсе утпайт.
Кемпир-Абадчылар 8 айдан бери СИЗОдо камакта отурушса да, өз күрөшүн токтотушкан жок. Эгерде эми мыйзамсыз соттолушса деле түрмөлөрдөн күрөшүн уланта беришет!
Алар эми “Кемпир-Абадчылар” деген саясий бренд менен күчтүү бириккен радикалдуу оппозицияны жаратышы мүмкүн.
Ушул мезгилде ит жыгылыш варианты Кыргызстандын келечеги, элинин ынтымагы, саясий стабилдүүлүк үчүн Кыргызстандын саясатчыларын консолидацияга келишине жол ачышы мүмкүн.
Муну биринчи кезекте Жапаров-Ташиев бийлиги ойлонуу керек! Мамлекеттик машинанын күчү менен эч ким мыйзамсыз бекем бийлик түптөп, чексиз бийлигин жүргүзө алган эмес!", - деп жазылат Бекназаровдун кайрылуусунда.
Эске салсак, 2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген отуздай саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Алардын арасында саясатчы, мурдагы элчи Азимбек Бекназаров да болгон. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдануу” жана “Массалык баш аламандык” беренелери боюнча бир нече кылмыш иши козголгон
Кылмыш ишин козгоого кармалгандардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.
Булак: NazarNews.kg