www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематогроф Болотбек Шамшиев үчүн эстеликтин ачылышына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.
“Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы белгилүү болгон. Болот Шамшиев кыргыз киносу дүйнөлүк атактуу режиссёрлордун чыгармалары менен тең тайлаша алаарын бир нече жолу далилдеди. Биз бул улуу кинорежиссердун инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген тасмаларында чоңойдук. Анын элеси замандаштарынын жүрөгүндө жашайт”, – деп белгилейт министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өз сөзүндө.
Белгилей кетсек, 2022-жылы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Болотбек Шамшиевге “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен эң жогорку өзгөчөлүк – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылган.
Булак: NazarNews.kg