www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук онкология борборунда аялдар үчүн акысыз текшерүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 6-июлдан 13-июлга чейин Улуттук онкология жана гематология борборунда аялдардын жатын моюнчасынын рагын аныктоо боюнча акысыз скрининг жүргүзүлөт. Кароо Кытайдан келген Нанкин медициналык университетинин адистери тарабынан жүргүзүлөт.
Жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өтүүнү каалагандар күн сайын саат 9:00-12:00 жана 14:00-17:30 чейин УОжГ борборуна (2 корпус, 2-кабат, 217-бөлмө) келе алышат. Жаныңызда өзүңүздү тастыктаган документ болушу керек.
Кабыл алуу 0550585756, 0706307750 телефондору аркылуу алдан ала жазылуу менен жүргүзүлөт.
Көңүл бургула! Скринингге каршы көрсөтмөлөр бар:
— кош бойлуулук;
— этек кир;
— скрининг жыныстык жашоо баштай элек кыздарга да жасалбайт.
Скринингден 2 күн мурун жыныстык катнашка барбай туруу сунушталат.
Аялдарды жатын моюнчасынын рагына текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашуу 2023-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде өткөн Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын профессорлор Чжан Лей жана Ченг Виньцзюнь баштаган кытайлык адистердин делегациясы менен жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилгенин белгилейбиз.
Кытай келечекте Кыргыз Республикасынын медицина тармагындагы маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Жатын моюнчасынын рагы — биринчи эл аралык медициналык кызматташуу долбоору болот. Кытай делегациясынын иш сапарынын максаты — биздин аялдарга жатын моюнчасынын рагын алгачкы баскычта аныктоого мүмкүнчүлүк берүү.
Булак: NazarNews.kg