www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып Бишкектеги №1 тергөө абагында отургандардын арасынан төрт саясатчы кысым, басымга туш болуп, бийлик атайылап моралдык жактан сындыруу аракетин көрүп жатканын айтып чыгышты.
Бул тууралуу Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчылар Азимбек Бекназаровдун, Кубанычбек Кадыров жана Жеңиш Молдокматовдун колу коюлган, элге, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдонгон кайрылуу Фейсбукка 4-сентябрда жарыяланды. Анда Кемпир-Абад ишине айыпталгандар менен абак кызматкерлеринин ортосунда тиреш болгону жазылган.
"2023-жылдын 2-сентябрында, эртең мененки саат 8:30дан 18:30га чейин кемпир абадчылар менен тергөө абагынан кызматкерлеринин ортосунда тирешүү болду. Ага себеп, кемпир абадчыларды күч менен ар кайсы камераларга которуу буйругу К.Ташиевден ЖАМК аркылуу келгени тирешүү мезгилинде билинип калды. Кечки саат 18:30да гана абак кызматкерлери менен кемпир абадчылардын ортосунда сүйлөшүү жолу менен чыңалган тирешүү токтотулуп, Бекназаров, Кадыров, Молдокматов жарым жер төлөгө биринчи кабатка түшөрү, калганы өз камераларында калары убактылуу чечилди", - деп жазылган анда.
Азимбек Бекназаровдун Фейсбуктагы баракчасына чыккан кайрылууда ал Жогорку Кеңештин эркин депутаттарын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин тергөө абагына кирип, алар отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранган.
Анда "Үч кемпир абадчы түшүрүлгөн 1-кабаттагы жарым подвалда (жер төлөдө) камералар ремонттон өтпөгөн, нымдуулугу жогору, дубалдары менен шыбынан шыбактары көчүп турган, полундагы бетондору жыртылган, ремонттон өтпөгөн абалда экен. Жогорку Кеңештин эркин депутаттарын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин тергөө абагына кирип, биз отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранабыз. Биз аздыр-көптүр өзүбүз ремонттоп алган камералардан эч бир себепсиз, негизсиз буйрук менен которуштурууну УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин тергөө абагынын ички ишине кийлигишүүсү жана кемпир абадчыларды сындыруу максатында кыйноо, зомбулук деп баалайбыз", - деп жазылган.
Ошондой эле, камактагы дагы бир саясатчы Равшан Жээнбеков: "Бизди нымдуу жер төлөдө ден соолугубуздан ажыратып, ошол жактан ооруп өлүшүбүздү каалашат" деген өңүттө сотто маалымат каражаттарына билдирүү жасады.
Булак: NazarNews.kg