www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Жо Байден Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ушул айда Нью-Делиде өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитине катышпай турганына нааразы. Бул тууралуу кечээ, Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирди.
"Менин көңүлүм калды, бирок мен аны менен (Си Цзиньпин) жолугууга ниеттенип жатам", - деди америкалык лидер пресс-конференцияда жана Кытайдын төрагасы алдыдагы саммитке катышпай турганын түшүндүрдү.
Белгилей кетсек, буга чейин Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык карым-катнаштарынын координатору Жон Кирби да Байден Си Цзиньпинди Нью-Делиде көргүсү келет деп айткан. Бирок, Кирбинин айтымында, америкалык администрация саммитке катышуу чечими Кытай тарапка байланыштуу экенин билет. 1-сентябрда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Кытай лидеринин Чоң жыйырмалыктын саммитине карата пландарын азырынча тактай албастыгын билдирди.
Маалымат үчүн айта кетсек, Индия G20га 2022-жылдын 1-декабрынан бери төрагалык кылууда. Нью-Делидеги саммит 9-10-сентябрда өтөт. Ага G20га мүчө бардык өлкөлөрдүн жана башка тогуз өлкөнүн (Бангладеш, Египет, Испания, Маврикий, Нигерия, Нидерланды, Бириккен Араб Эмираттары, Оман жана Сингапур) лидерлери чакырылган.
Эске сала кетсек, буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин G20 саммитине катышпай, анын ордуна Индияга тышкы иштер министри Сергей Лавровду жөнөтөрү белгилүү болгон.
Булак: NazarNews.kg