www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр боюнча эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода экинчи ирет жолугушуу өткөрдү. Биринчиси, 13-апрелде түнкү саат 3:00дө болгон.

Алимбаевдин айтымында, тажик тарап менен бул жолку сүйлөшүү бир саатка созулду.

"Жолугушууда кечээ түнү кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча сүйлөштүк. Азыркы учурда мамлекеттик органдар, күч структуралары кечээ айтылган сөздөрдү аткарып жатат. Биринчиден, кошумча кирген өздүк курам, аскер техникаларын алып чыгып жатышат. Экинчиден, Аскердик прокуратура иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Үчүнчүдөн, милиция негизги трассаларда биргеликте иш алып барууда. Азыр биз Согди облусунун губернатору менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу сүйлөштүк. Бүгүн мен Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө болом. Эл менен жолугушуу күтүлүүдө. Жалпысынан кырдаал тынч", — деди Алимбаев.

Эске салсак, 12-апрелде тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларынын эскертүүсүнө карабай Кыргызстандын аймагына кирип, жыйынтыгында ок атылган. Бирок эки тараптын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин атышуу токтотулганы, кырдаал туруктуу экени айтылган. Кийинчерээк кайрадан атышуу болуп, тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёт менен аткылай баштаганы кабарланган. Тажик тарап кыргыз айылын миномёт менен атуусун токтоткон соң Баткен районунун Радар-1 жеринде турган Кыргызстандын чек арачыларына ок чыгара баштаган.

13-апрелге караган түнү Лейлек районуна караштуу Кыргыз-Встреч аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы абал талкууланып, тараптар чатак чыккан жерден кошумча каражаттарын алып кете баштаган.

Жаңжалдан Кыргызстандын бир аскер кызматкери менен бир жай тургуну жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости