www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, анын ичинде республикалык бюджетти аткаруу, коомчулуктун көңүлүн өйүп турган көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу, коррупциялык жосундарды жоюу, жаңы жумушчу орундарын түзүү жаатында бир катар алгылыктуу чараларды көрүп жатат.

Бул тууралуу өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште республикалык бюджеттин долбоору каралып жатканда билдирди.

«Ошондой эле, Кыргызстандын башкы каржы документинин долбоорлору каралып жатканда, коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан «Азаттык», Kloop, OCCRP журналисттеринин өлкө аймагынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар көлөмүндөгү каржаттын дайыны боюнча иликтөөсү тууралуу унчукпай койгонубуз туура эмес болуп калат. Азыркы учурда курамы укук коргоо органдарынан турган мекемелер аралык топ түзүлүп, журналисттердин иликтөөсү боюнча текшерүү амалдарын жүргүзө баштады», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пермьер-министр бажы тармагында орун алган коррупциялык жосундарга карата каршы пикирлерин айтып жаткан коомчулук менен эл өкүлдөрүнүн пикирин колдой турганын, Өкмөт Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишине жакындан жардам берип, бул багытта биргелешип иш алпарууга даяр экенин баса белгиледи.

«Экономиканын өнүгүшүнө бөгөт болгон мындай терс жосундарга каршы биргелешип күрөш жүргүзүшүбүз керек», - деп, ал депутаттарды сунушталган бюджет долбоорлорун колдоп берүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости