www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайыл районунун тургундары базарда Чүй облусунда өстүрүлгөн момордиканы сатып жатышат. Бул тууралуу Турмуш жазып чыкты.
Маалыматка караганда, момордика же ачуу бадыраң — көптөгөн өлкөлөрдө Кытай ашкабагы деген аталышка ээ. Ал эми Кыргызстанда бул өсүмдүктү Индия анары деп аташат. Биологиялык түзүлүшү момордика, ашкабактар уруусуна кирген жашылча.
Мекени — Азиянын тропик өлкөлөрү. Дүйнөнүн жылуу климаттуу аймактарында, негизинен Түштүк Азияда (анын ичинде Индияда да) жана Түштүк-Чыгыш Азияда, Кытайда жана Кариб деңизинин жээктеринде көп өстүрүлөт.
Жайыл районунун багбандары момордиканы өз алдынча өстүрүү өтө кызыктуу жана пайдалуу дешет.
«Мен 5 жылдан бери момордика өстүрүп келем. Ал бардык өсүү баскычында кооз көрүнөт», - дейт айыл тургуну Елена Петрухина.
Сабагынын узундугу 4 метрге чейин жете турган 1 жылдык лиана. Гүлү — сары мөмөсүнүн узундугу 18 сантиметрге чейин жетет.
«Гүлү жасминдин (атыр жыттуу, ак гүлү бар бакма өсүмдүктүн бир түрү) жытына окшош. Ошондуктан аны декоративдик өсүмдүк катары огороддун жээгине отургузуп келем. Формасы крокодил сымал мөмө өзгөчө көрүнүп, алгач жашыл түстө болот. Андан соң саргайып баштайт.
Бул өсүмдүктүн тамыры, жалбырагы, гүлү, уругу тамак-ашка колдонулат. Момордиканын жаш бутактарынан жана жалбырагынан салат жасайм. Винегретке кошом жана шорпо кайнатам. Ал даамдуу жана аш болумдуу өсүмдүк», - деп кошумчалады айыл тургуну Елена Петрухина.
Момордиканын курамында темир, бета-каротин, витаминдер, кальций, калий бар. Дарыгер Адилет Базаркуловдун айтымында, чыгыш медицинада Индия бадыраңын картаюунун алдын алуу, жыныстык активдүүлүктү жогорулатуу, жүрөктү жана ашказанды дарылоо үчүн колдонуп келишкен.
Лабораториялык изилдөөлөр ВИЧти дарылоодо жардам берерин көрсөткөн. АКШнын окумуштуулары изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында уйку безинин рак оорусунда рактын клеткаларын өлтүрүүчү жөндөмү бар экенин белгилешкен.
Байыркы Кытайда момордика императорлорго жана алардын үй-бүлөсүнө гана берилген. Ал эми Индияда ал кудайлардын өсүмдүгү деп аталса, Японияда көп жашагандардын тамагы деп айтылган.
Булак: Турмуш

Последние новости