www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Торугартка» жаңы стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекс орнотулду. Ал жүктү кароодо Бажы кызматынын ишин ыкчамдатып, анын  айкын болуусуна шарт түзөт. Бул тууралуу Өкмөт башчы М. Абылгазиев Нарын облусундагы аталган көзөмөлдөп өткөрмө бекетинин   иши менен таанышуу маалында билдирди.

Ошол эле учурда эл арасында айрым жарандар Бажы кызматынын ишине анча эле ишене беришпейт. Алар бажы жыйымдарынын кандайдыр бир бөлүгү кассадан тышкары кетет деп ойлошот.

Ал эми Өкмөттөгүлөр болсо, мындай жаңы стационардык инспектордук-текшерүүчү комплекстерди бажы бекеттерине коюу менен, алардын ишин ачыктай тургандыктарын айтышууда.

Эске салсак, ЕАЭБдин «Жол картасын» жүзөгө ашыруунун алкагында Россия тарап «Торугарт» көзөмөлдөп өткөрүү пунктуна материалдык-техникалык жабдууга 120 млн. АКШ долларын бөлгөн. Орнотулган системаны ноябрь айынын аягында ишке берүү болжолдолуп жатат.

Булак:  “NazarNews.kg

Последние новости