www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кемин районунун Тар-Суу айылында төрөлгөм. Мен чоң атам менен чоң энемдин колунда өстүм. Чоң апам дайыма калама жасайт эле. Чоң атам экөөбүз отун жарып жанында, казанды тегеректеп отурчубуз. Каламанын жыты, чатырап күйгөн оттун илебин азыркыга чейин эстеп, ошол күндөрдү эңсеп калам, - дейт генерал-полковник Абдыгул Чотбаев "Факты.kg" гезитине берген маегинде.

Чоң атама, чоң энеме эркелегеним менен өз ата-энемден катуу коркчумун. Алардын тилин алчумун. Атамдын мүнөзү оор болчу. Бизди катуу кармады. Үйдө темирдей тартип орнотуп койгон. Ошондуктан мектепке барганда тентек кылып, бугумду чыгарып алчумун. Атамдын катуу тартиби мени ушул деңгээлге жеткирди болуш керек деп ойлоп калам. Анткени, өзүмдү-өзүм алдыга сүрөп, эч кимдин колдоосу жок ушул даражага жеттим. Өз милдетимди, берилген жумушту так аткарганга көнгөм. Бала кезден атамдан алган тарбиям менин бул сапатымдын калыптанышына себеп болду го деп ойлонуп калам.

Булак: "NazarNews.kg"

 

Последние новости