www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоу-бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн бири укук коргоо органдары тарабынан кармалганын жеке булактарына таянуу менен айрым басылмалар жазып чыгышкан.

Маалыматка караганда, кармалган жарандын жанынан баңги заты табылып, бул факт "баңгизат сактоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштери жүргүзүлүп, анын негизинде баш коргоо чарасын караган Ленин райондук соту 26-октябрда кылмышка шектүүнү 2 айга камакка алган.

Бул маалыматты тактоо үчүн Бишкек ШИИББинин маалымат кызматына телефон чалуубуздан майнап чыккан жок. Чалууларга эртеден бери эч ким жооп бербей жатат.

Бирок кармалган жаран шоу бизнестин кайсы өкүлү экендигин иликтеп көрүп, өздүк маалымат булактарыбыз аркылуу кармалган жаран куудул, ырчы Жакут Сыдыков экендигин билдик. Жакут Сыдыков учурда тергөө абагында кармалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости