www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Ирина  Кармушкинанын билдирүүсүнө “Айкөл Таза Коом” бирикмесинин мүчөсү Усупбай Шеримбаев жооп берди. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине айткан.

Анын айтымында, алар коркконунан эмес, Атамбаев Апрель революциясынын катышуучуларын карабай, Мээрбек Мискенбаев менен Амантур Жамгырчиевди жанына алганы үчүн үн катпай турушат.

"Берилген 144 батирди Роза Отунбаеванын колунан алышканын,  15 гана адам Атамбаевдин колунан алган. Мына ошолор Атамбаевди колдоп жүрүшкөн".

Шеримбаев эскерткендей, 2013-2014-жылдары Атамбаев президент кезинде 2010-жылдагы  апрель окуясынын катышуучуларына өмүр бою жөлөк пул төлөнөт деп убада кылган. Бирок ал убадалары аткарылган эмес. 

Белгилей кетсек, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси 2010-жылдагы апрель окуясына катышкандардан түзүлгөн. Бирикменин жетекчиси Мээрбек Мискенбаев, анын орун басары Амантур Жамгырчиев болгон. 2017-жылдын апрелинде  “Айкөл-Ала Тоонун” 78 мүчөсү ал уюмдан чыгып, “Айкөл Таза коом” бирикмесин түзүшкөн.

 Амантур Жамгырчиев 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таштагы окуясынын алкагында кармалган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Фейсбуктагы жеке баракчасына Апрель баатырларына таарынычын жазып чыккан.

Ал: “Мага кызык! Эмне үчүн 2010-жылдагы апрель баатырлары унчукпай отурушат? Эмне үчүн силердин оозуңардан Атамбаев тууралуу сөздөр чыкканын укпайбыз? Ал силерге аз жардам берди беле? Ал баардык айткандарын аткарды, каржылык жардам эле эмес, батир да алгансыңар! Өзү эле эмес, мамлекет да жардам беришин талап кылган.

Курсан Асановго 15 киши кайрылуу жазышты. А силер болсо тынч отурасыңар”, -дейт Апрель баатырларына капа болгон Карамушкина.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости