www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте Жибек жолу проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде авто кырсык болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.  

“Такси кызматын көрсөтүп жаткан Хонда Фит унаасы Жибек жолу проспектиси менен баратып Эркиндик бульварына бурулганда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Кырсык болгон жерге инспекторлор менен “Тез жардам” кызматы келген. Жеңил унаанын ичинде отурган аял ооруканага жеткирилди”, -деп ведомстводон билдиришти. 

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, унаалар айып унаа токтотуучу жайга жеткирилген. Мындан сырткары тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости