www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй ОИИББи менен Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери таксисттин өмүрүнө кол салган эки адамды колго түшүрүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 28-октябрда Бишкектин четиндеги “Калыс-Ордо” конушунда 27 жаштагы таксистке кол салышкан. Эки адам таксиге отуруп, шаар сыртындагы айылдардын бирине жеткирип коюшун суранышкан. “Калыс-Ордого” жеткенде жүргүнчүлөр таксистке кол салышкан. Таксистти бычак менен коркутуп, 7 миң сомун, уюлдук телефонун алышкан да, анын колу-бутун, көзүн, оозун скотч менен таңып, камыштардын арасына таштап салышкан.

Бул факт Аламүдүн РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине каракчылык беренеси менен катталган.

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, көп өтпөй таксистти карактаганга шектелип эки жаран кармалган. Алар: мурда соттолгон 1997-жылы туулган М.Т. аттуу Нарын облусунун тургуну жана 1998-жылы туулган С.Н. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну. Кылмышка шектелип кармалгандар СИЗОго киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости