www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Менин балалык кезим Ысык-Көл областынын кооз жеринин бири болгон Жети-Өгүз районунун Чоң-Жаргылчак айылында өттү. Ошондой эле Дархан айылында биринчи класстан баштап таята, таянемдин колунда тарбияланып, мектепти аяктагам, - дейт экс-депутат Эркингүл Иманкожоева "Факты.kg" гезитине берген маегинде. Өзүм сегиз бир тууганмын, атам 45 жыл Жети-Өгүз районунун токой чарбасында карагай ташып, айдоочу болуп эмгектенди, көптөгөн медаль, ордендердин ээси.

Райондук кеңешке 5 жолу делутат болгон. Үчүнчү даражадагы даңк ордени менен сыйланган. Союз убагында жөн эле сыйлай берчү эмес. Атабыз ак эмгеги менен бул ийгиликтерге жетишкени үчүн сыймыктанабыз. Бир эле учурун айтып кетсем, атабыз таңкы саат 4тө туруп жумушка кетчү, башка айдоочулар бир эле рейс машина менен карагай ташыса, атам 2-3 жолу алып келчү. Машинасын ар дайым таза кармачу.

Апам болсо сегиз баланы бакты, ар бирибиздин түйшүгүбүз оңой эмес эле, өзү да иштеп заводдо, кечкисин нан салып, кир жууп балдарын уктатып коюп оокат кылаар эле. Ал кездеги апалардын жумушу кыйын эле экен азыр ойлоп көрсөм, Таятам согуштун ветераны болчу, согуштагы оор күндөрүн айтып берип калаар эле. Билип жүрүшсүн дечү го, күндүр-түндүр суукта, карда окопто жаткандарын, "за родину" дегенде эч нерсени карабай чуркап атышчубуз, немистердики автомат, биздики беш атар ошогог карабай алдыга чуркап артка чегинүү эмне экенин билчү эмеспиз - деп биздин да мамлекетке болгон сезимибизди ойготуп айтып берчү эле.

Ар дайым ошондой согуш болбосун, биз көргөндү көрбөгүлө деп сөзүн бүтүрчү. Таянем болсо, мени кыргыздын лакаптары менен тарбиялады, мисалы "кыз бар үйдө кыл жатпайт", "эшигин көрүп төрүнө өт", "эжелүү кызга эски тон" деген сыяктуу макалдар менен мени тарбиялаган. Оокат кылдырып, жумшап, кылганың мен үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн деп айтаар эле. Бирок мени эркелетип чоңойтту, эч качан урушкан эмес. Үйдө абышка, кемпир болгондуктан баардык түйшүк менин мойнумда эле.

Үйдүн ички жумушу, андан башка чөп жыйнашмай, картошка казмай, кой кайтармай, тамак бышырмай ж.б жумуштардын бардыгын кыз экенибизге карабай эле кылып жүрчүбүз. Жумуштун көптүгү окуума тоскоол болчу эмес. Мектепте алдыңкы окуучу болчумун. Мектеп аралык ар кандай конкурстарга да катышып жүрдүм. Мен ойлойм ошол эмгегим текке кеткен жок, ошону үчүн эмгекчил, чыдамкай, айылдын түйшүгүн билгеңдигим мага жашоодо көп жардам берди деп.

Булак: "NazarNews.kg"

 

Последние новости