www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коррупция, коррупция дейбиз, коррупция каякта, Абылгазиев бул боюнча чукугандай сөз айтты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда жол салууда чет өлкөлүк компаниялар тендерди утуп, бирок жергиликтүү компанияларга тапшырып койгону коррупцияга айланганын айтып чыкты. Бул туурасында премьер-министр парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргызстанда четтен алынган насыяларга курулуп жаткан жолдорду жергиликтүү компаниялар курушу керек экенин айтып чыкты.
Мухаммедкалый Абылгазиев бул демилгени колдой турганын айтып, өлкөдө чет өлкөлүк компаниялар тендерлерди утканы менен алар иш жүзүнө келгенде жергиликтүү компанияларды жалдап жатканын билдирди: “Биз азыр Жалал-Абад - Маданият жолун карап жатабыз. Тендерди чет өлкөлүк компания уткан, ичинде жергиликтүү компания жүрөт. Кадамжайдагы жолдо да ушундай. Териштирип жатабыз. Президент өзү баш болуп тиешелүү органдарга тапшырма берди. Чет жактан келип, тиешелүү кагаздын баарын бүткөрүп, жергиликтүү компанияларга таштап койгон схема бар экен. Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунда да ошондой экен. Италиянын компаниясы дейт, бирок ал жерде Италиянын жыты да жок” - деди Абылгазиев.
Талкуунун жүрүшүндө бул маселе боюнча парламентке тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуш да айтылды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg