www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыпалак баатыр каймана аты менен таанымал болгон Зарылбек Аликенов келээрки парламенттик шайлоого катышканга даярданып жатканын билдирет. "Карапайым эл өзү колдоп, шайлоого бар деп жатышат. Мен дагы алардын колдоосу менен мекен үчүн күйгөн, жүрөгү кыргыз деп соккон адамдарды чогултуп, партия түптөп, шайлоого катышууну чечтим. Партияны өзүм жетектейм. Партияга кишилер чогулгандан кийин анын атын коюп, программасын иштеп чыгабыз. Андан соң эл алдына чыгабыз. Азырынча жүрөктө жалыны бар, эл үчүн күйгөн адамдарды партияга чакырам", - деп билдирди Аликенов Зарылбек Күчмен - (Чыпалак Баатыр).

Чыпалак Баатырдын өзүнүн алгачкы программасын коомчулукка сунуштады.

1-"Күчмен" деген аталыштагы партия түзүп, анан командама акылдуу,түшүнүктүү, билимдүү, илимдүү, мекен үчүн күйгөн чынчыл таза кандуу патриотторду чогултуу.

2-Кыргызстандагы эң орчундуу проблемаларды козгоп ойготуп, ачыка алып чыгып, ошону анан чогу бычып чечип, иш жүзүндө туура так аткаруу.

3-Кыргызстанды мобильдүү электрондук башкаруу:

Үнөмдүү экономика, күнүмдүк отчет-расчет. Ар бир чиновниктин үстүнөн элдик видео көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү.

4-Кыргызстандын эң негизги кыла турган максаты жана экономикага эң чоң салым кошо турган багыты туризм жана жолдор: Ылдам жүрүүчү метро-поездер жана келген конокторго,  өзүбүздүн жарандарга кызмат көрсөтүүчү жайлар.

 Энергетика жагы: ГЭСтерди куруу.

Айыл чарба: Мал чарба, дыйканчылык, өндүрүш жагын өстүрүү.

Өздүк рынокту колдоп коргоп өстүрүү.

Электрондук техникалык багытта өнүгүп өсүү.

Билим илим жагын биринчи орунда колдоо.

Кыргызстандагы өзгөчө таланттуу, өнөрлүү, ар тараптуу шыктуу адамдарды колдоп биринчи орунга жылдыруу.

Бул эң алгачкы багыттар.

Эгерде мени депутаттыка колдосоңор, мен Кыргызстанды өнүгүп-өстүрүп, жакшы мыйзамдарды жазып чыгамын, деп кошумчалады Зарылбек Аликенов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости