www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) иш сапар менен барган Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.

Анда өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүн мындан ары карай өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү бир катар маанилүү маселелер белгиленген.

Тар жана кеңири курамда өтө турган жыйындын жыйынтыгы боюнча бир нече документке кол коюу пландалган. Бирок, кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы ал эмне болгон документ, келишимдер экендигин жазбай жатат.

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) туруктуу аракеттеги өкмөттөр аралык уюм болуп саналат. 2001-жылы 15-июнда Шанхайда (Кытай Эл Республикасы) Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы тарабынан негизделген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости