www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр интернетти ачсаң, социалдык тармактар аркылуу тараган вайндардан башың адашат. Вайн - кыскача тартылган күлкүлүү окуялар, тасмалар. Кыргыз жаштарынын изденип жатканын, улам жаңы идеяларды таап, жаңычылдык менен вайн, скетчтерди тартып жатканы кубандырбай койбойт. Дал ушул кыскача күлкүлүү тасмалар аркылуу калкка таанылган жаш актрисалардын бири Айгерим Саматова. Айгерим студент кезинде эле атактуулукка жеткен актрисалардын бири. Ийгилик ага кантип жылмайган жана учурда эмне менен алек төмөндөгү маектен окуй аласыз.

- Айгерим, студент кезинде эле атактуулукка жеткендер аз. Бул жагынан мактоого татыйсың. Окууга тапшырып жатканда окуп жүрүп атактуу болом деген ой келди беле?

-  Ооба, мен окуу жайга кокустан келгем десем болот, алгач окуу жакпай жүрдү. Актриса болушума окуткан эже-агайларым түрткү болду. Иште, эмгектен сенден бир нерсе чыгат дешти. Ошентип жүрүп окууга кызыга баштадым. Атактуу болуп кетем деген деле ой келген эмес. Сиздер айткандай кыска тамашалуу видеолор аркылуу көпчүлүк студент кезимде эле тааный башташты.

- Театрда иштегиң келеби же киного көбүрөөк ыктайсыңбы?

-  Театрда иштегим келген, бирок айланып келип биздин финансылык маселеге такалды. Өзүмдү-өзүм каржылаган чөйрөнү киного алмаштырдым. Келечекте театр дүйнөсүнө сөзсүз аралашууну кыялданам жана ал планымда бар.

- Эл жалаң комедиялык вайндарды көрө берип, ошондой кабыл алып калды. Олуттуу образ жаратуу же тарыхый тасмаларда роль жаратууну кыялданасыңбы?

-  Ооба, элдер ошол жаатта кабыл алып калышыптыр. Бирок мага лирика же драмада ойногон көбүрөөк жагат. Кыялымда эгерде лирика же трагедия болсо, комедия жанрына караганда жакшы ойносом керек деп ойлойм. Кайсы жанрда көбүрөөк эл оозуна алынсаң, ошол жанрда гана көргүсү келе бергени мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок актриса болгоң соң кайсы гана жанр болбосун мыкты образ жаратууга болгон аракетти кылабыз.

- Бир курдай улуу байке спонсор болом деп жатат деп баракчаңа пост чыгардың эле... Ошону менен жазбай калдың, деги эле ошондой сунуштарга реакцияң?

- Ооба, азыр да эстесем ызаланып кетем. Буга чейин деле болгон андай сунуштар, Бирок оюм ал адамга таптакыр башка эле. Капыстан эле мындай сунуш катуу тийди. Чыгармачылыктагы кыздарды көбүнчө жеңил ойлуу деп ойлогондору өкүндүрөт. Шоу чөйрөдө ордуңду табыш үчүн көп акча керек, мен сага жардам берем деген сөздөр андай акчасы көп адамдарга төл сөз болуп калды го. Мага акча кереги жок. Чынын айтсам атактуу болгонго деле ашыкпайм. Азыр жазбай калды. Мен да ошону менен кайталап пост жазган жокмун.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости