www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөттүн ишине ичи чыкпагандар ар кандай сөздөрдү айтып жатышат. Бирок, Абылгазиев айтылган сөздөргө көңүл бурбай, арабасын акырындык менен тартып баратат.
Аны ордунан эртең кетет, кийинки жумада ордун бошотот деп иштен алып салгандар кеп эле болууда. Өкмөт башчылыкка ушул адам бармай болду дегендер четтен чыгууда. Анткен менен Абылгазиевдин өкмөтү жакынкы күндөрү отставкага кетпей турган болду.
Президент деле коомчулуктун Абылгазиев тууралуу айткан сөздөрүн укса дагы, аны алмаштырууга шашылган жок. Премьер-министрди бат-баттан алмаштыруу менен натыйжа болбосун түшүнүп жатат да. Туруктуу иштеген команда болгондо гана иштин натыйжасы болорун мезгил деле тастыктап жатпайбы.
Абылгазиевдин премьерлик креслодо былк этпей олтурушу, анын алгылыктуу иштеп кеткендигинде эмес, президенттин туруктуулукту орнотоюн деген позициясы менен болууда.
Бирок, жакынкы күндөрү Аткаруу бийлигинде бир топ өзгөрүүлөр болору күтүлүүдө. Вице-лремьер-министр болуп олтургандар кызматтан төмөндөсө, 3 министрликке жаңы адамдар келери болжолдонууда. Демек, Абылгазиевдин премьер-министрлик доору кыйла узарат, - дейт "Жаңы Ордо" гезити.
Булак: NazarNews.kg