www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки жума мурун Азимбек Бекназаров менен Адахан Мадумаровдун кайым айтышуусу кызуу талкуу жаратпады беле. Бир учурда үзөңгүлөш, пикирлеш болуп жүргөн эки эрен бири-бирине алынын жетишинче сөөмөй кезешти. Эске салсак, Бекназаров акыйлашы Мадумаровдун саясаттагы баскан жолуна сереп салып, кемчиликтерин тизмектеп берди эле.

Буга жооп кылган Мадумаров: «Ал алган кызматынын акысына мени жамандап берип атат. Айланайын, кызматка барсаң мени жамандабай эле, менин балекетимди албай эле бара бербейсиңби!» -деди. Ушул жерден бир окуя эске түшөт. 2014-жылдары так ушул Адахан Мадумаров бир кызматка барган. Кыргызстанда эмес, башка өлкөдө олтуруп иштей турган жумуш эле. Ошондо, алыстан атайын учуп келип телеге чыгып алып, кайсы-бир саясатчыны жамандаганы эсибизде. Тарых кайталанат деген ушул эмеспи?

Булак: "De-facto"

 

Последние новости