www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам органын алмаштыруу көмүскөдөгү ири бизнестердин катарында. Бул тармакта ири суммадагы каражаттар жүгүртүлөт. Казакстанда адамдын органын трансплантациялоочу мыйзамсыз топ кармалды. Алардын катарында Кыргызстандын жараны дагы бар. Ага “адамдан мыйзамсыз ички органын алуу” жана “мыйзамсыз трансплантациялоо топто ишмердүүлүк жүргүзүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул топ эки жылдан бери Казакстандын аймагында көмүскөдө адам органдарын алмаштыруу боюнча иш жүргүзүп келген. Алардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк жарандар болгон.

“Донорлор Өзбекстан, Кыргызстан жана Украинанын жарандары болчу. Алар материалдык абалына жараша, акча табуу үчүн ички органдарын сатып ал органдардын кардарлары болуп өнүккөн өлкөлөрдүн жарандары болгон. Көбүнчө ал органдарга Израилдин жашоочулары кайрылышчу” – дешет полициядан.

Чымкент шаарынын №1 ооруканасынын башкы дарыгери мыйзамсыз топтун мүчөлөрү менен кызматташууга кирип, мыйзамга ылайык органдарды сатып-алууга тыюу салынганына карабай чоң суммадагы “ыраазычылык” үчүн бейтаптардын органдарын мыйзамсыз алып жүргөн.  

Мындан мурда бул ишке байланыштуу Куттымуратов аттуу дарыгер-трансплантолог камакка алынса, жакында эми Тайсалова Б. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости