www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда чума жайылып баштадыбы?

Кытайлык үч кишиге чума оорусу жуккан.  Бул тууралуу  чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, чума оорусун жугузган  3 кишини  текшерүүдөн өткөргөндө, эки кишинин диагнозу өпкө чумасы деп табылса, бир кишиники бубон чумасы экени аныкталган. Бул бир эле оорунун эки формасы. Анын козгогон бактерия Yersinia pestis  деп аталып, бул бактерияны келемиштерде болуучу бүргө алып жүрөт.

12-ноябрда өпкө чумасына чалдыккан эки жаран менен байланышта болгон делген  28 киши текшерүүдөн өткөрүлгөн. Ал эми, 16-ноябрь күнү 55 жаштагы үчүнчү киши чума жуктуруп алганы аныкталган. Ал жапайы коёндун этин жеген экен. Бул оорулууга  байланышы бар делген 42 киши текшерүүдөн өткөрүлгөн. Алардан чуманын белгиси билинген эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости