www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мезгил өткөн сайын мамлекетибиздеги абал начарлап жаткандай болот. Бул жерде биз абалды «арсар келер чак» кылып жымсалдап жаткандагыбыз, болбосо, түз качырып «абалыбыз начар» деп айтсак, анда деле калпы жок болор! Илгери өңдө эмес, түшкө кирбечү көрүнүштөр азыр кадыресе күндөлүк окуяларга айланып турат, - деп жазып чыкты "Багыт.kg" гезити.
Айталы, зордуктап туруп өлтүрүү, өз кызын зордуктоо, киши өлтүрүү, өлтүргөндө да мууздап кетүү, ж.б. Эми бул көрүнүштөр күнүмдүк турмуштан кайткыс болуп орун таап алды! Коом мына ушундай айбанчылыкты, мыкаачылыкты... болтурбай коюу үчүн күрөш жүргүзүшү керек экендиги элдин-селдир эси бардын баарына белгилүү. Анан эле абал начарлагандан начарлайт!
Себеби эң эле жөнөкөй, Эйнштейндин мыйзамындай татаал эмес. Ошол жаман абалды болтурбай, аларды жакшы абалга айландыруучу органдар бар. Алар атайын окуудан өтүп ошол жумушка чектелишкен: милдети бар, укугу бар,... алган эмгек айлыгы бар дегендей. Анан шымаланып иштеши гана керек. Мыйзамдын диктатурасында гана иштеш керек! Баары жөнөкөй: мыйзамга таян да ошонун чегинде иш жүргүз!
Жок, биздин ошол жааттагы кызматкерлер мыйзамга таянуунун ордуна мыйзамды бузуп иштейт. Анткени, мыйзамды бузмайын чөнтөккө кошумча акча түшпөйт! Чөнтөккө акча түшсө, көзүңө андан башка эч нерсе көрүнбөй калат, дагы да көп түшсө дейсиң, көп түшсө, дагы дейсиң, дей бересиң?! Акчанын кумары «болду, жетет» деген кепти айттырбайт!
Ооба, бизде да укукту жөнгө салып туура жолдо кармап турчу мыйзамдар бар. Бирок, ошол мыйзамдардын кайсынысын алба ток этер жери чектелген эмес, ошол мыйзамды ары чойсоң ары, бери чойсоң бери чоюла берет. Мобу жерден бүтөт деген так чеги жок! Ошондон улам соттор беренелерди каалаган тарабына өзгөртүп алат, анысына, албетте, олчойгон өлчөмдөгү пара алат! «Сот системасы реформаланып жатат» дегенди укканыбызга далай жыл болуп калды. Ошол реформа түбөлүктүү болчу нерсе го, чыгар аягы жок го?! Менимче, бул жөн гана коомчулукту алаксытуу, өзгөртүп жаткан түр көрсөтүп, ар кандай иштерди- жакшылыгы жок иштерди жүргүзүп туруу. Эгерде сот системасында чын эле өзгөрүү жүрсө, анда күн сайын болуп жаткан соттордун туура эмес чечимдери болбойт эле... соттордун чөнтөгүнө акча түшпөйт эле...
Реформа деген фундаменталдуу изилдөөлөрдү жүргүзүп, ошол системанын дүйнөлүк жакшы тажрыйбасын иргеп алып, теория менен турмушту болушунча айкаштырып... далай изилдөөлөрдүн жакшы жыйынтыгынын негизинде ишке ашат. А бизде эмне, жакшы жыйынтыгы жок убактылуу чечимдерди чыгара берүү «реформанын» өзүнө айланды... Бүгүнкү күндө соттор эч уялбай эле олчойто акча берген тараптын кызыкчылыгындагы чечимди чыгарып «тултуюп» турушат. Айткан -дегениңди уруп да койбойт: «Сен былжырай бер, андан эмне чөнтөккө түшчү акчам кемип калмак беле...» -дегени ичинде да. Минтип айтсам калп болбос: азыр судьялардын бири да таза эмес болуш керек: бирөө аз алат, бирөө беш колун тең салат! Ушул тапта 12 сот кызматкерине кылмыш иши козголгон экен.
Анын үчөө иликтенип бүтүп сотко ашса, тогузу изилденип-иликтенип жаткан экен. Эгерде пара алган судьялардын баары кармалса, анда судьялар таптакыр жетишпей сот системасы иштөөдөн калмак! Баса, кылмыш иши козголгон ошол 12 судьянын канчоо соттолот белгисиз. Далайы соттолумуш этип туруп бошонуп кетет го?! Бүгүнкү күнү Свердлов райсотунун мурунку төрагасы Жаркееванын үстүнөн сот иши жүрүп жатат. Бул айым бирөөлөр менен келишип алып кытайлык бир фирманын менчигин ошол сүйлөшкөн немелерине тартып берген экен. Мына абийирсиздик! Эми бул айым даана соттолобу, бу дагы соттолумуш этеби, белгисиз... Соттордун абийирсиздигинен улам бир чоң кылмышкер качып таптырбай жатканы...
Бишкек шаарынын транспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү кызматынын башчысы Насирбек Алмаматов деген пара менен кармалып, иш ар тараптан иликтенип туруп, Бишкектин Октябрь райондук соту аны 12,5 жылга соттогон. Анан аз убакыт өтүп, ал шаардык сотко арызданат. Бишкек шаардык соту ага 3 миллион 200 миң сом айып пул салып туруп, аны «үй камагына» чыгарат. Кийинки күндөрү миллиондорду жеген кылмышкерлер «үй камагы» дегенге чыгып жазадан кутулуп жатат. Миллиондорду жей бер да соттолумуш этип үйүңдө бейпил жата бер. Бул бир «мыйзамдаштырылган абийирсиздик» болуп жатат! Ошентип, Алмаматов «үй камагына» бошонуп чыгат. Ошондон соң коомчулукта анын бошотулушуна нааразылык күчөгөндө Жогорку сот шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун чечимин ордуна калтырат.
Анан Алмаматовду камамакчы болуп издешсе, ал небак куйругун түйгөн экен, ошол бойдон таппай жатышат. Бул шаардык соттун кылганы! Эми ошол судьяны дароо камоо керек, жоопко тартуу керек! Бул Алмаматов деген неме күн сайын жүз миңдеген сомдон пара алчу экен! Кээ бир бүлөлөр бир сомунун эсебин алып жашап жатканда, 100 миң сомду бир күндө алып жатканы кайсы жолго сыят?! Ошол эсеби жок акчанын кусуру уруп кетти го ошол Алмаматовуңду?! Алмаматов качардан мурун соттор менен сүйлөшүп алып качкан деген да кеп бар. Болушу мүмкүн. Шадиев да, Бусурманкул Табалдиев да соттор менен келишип алып качты деп айтылып жатпайбы?! Жок, бүгүнкү абалда сотторду мыйзамдын гана чегинде иштетебиз деген иш Сизифдин түрткөн ташындай чоң убара болор... «Кайда барсаң Мамайдын көрү» деген макал бар.
Бул деген эмне кылба, кайда барба жакшылык көрүнбөгөн учурда айтылат. Соттор жагы да ушундай абалда турат. Мыйзамсыз чечимдерди чыгарган судьялар дароо жазасын албаса, дароо кызматтан кетирилбесе... сот билгенин кыла берет да. Мыйзамга каршы өкүм чыгарганың билиндиби ошол судья дароо кызматтан кетиши керек, андан кийин сөзсүз түрдө жазасын алууга тийиш. Ошондо гана сот тарабы тазаланууга өтөр беле?! Биз кеп кылган маселеге түз тийешеси жок болсо да айта кетели: кээ бир чогулуштарда, мисалы, өткөндөгү өкмөттүн отчет берип жаткан учурунда Кыргызстандын Ички иштер министри Жунушалиев «криминал көзөмөлдө» дегенди айтты. Муну кандай түшүнөбүз?! Эмне, криминал эмне кылганын милийса көзөмөлдөп турабы? Эгер көзөмөлдөгөн болсо, кылмыштарды болтурбай койбойбу?! Ушул суроого жооп таппайм да...
Булак: NazarNews.kg