www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Турмуштун оомал-төкмөлүнө чыдагандар гана көздөгөн максатына жетет. Жогорку билими бар, тарыхчы Рита Сулайманованын кулк-мүнөзү эптеп эле күн өткөрүүгө дал келмек эмес. Ошондуктан өзүнүн пайдасын кыйналган карапайым элге тийгизүү үчүн “Жаңы Мезгил” партиясынын катарына кирип, жигердүү аракетин арнаган. Тилекке каршы партиянын лидери Базаркулов катуу оорудан соң жарык дүйнө менен коштошот. Дендароо болуп калгандар не кыларын билбей көпкө чейин кыймылсыз отуруп калышат. Акырында партиянын тизгинин Рита айымга карматышып, ак батасын берген күн кечээ эле өткөндөй сезилет. Бирок, андан бери он жылдан ашуун убакыт өтүп кетиптир.
Бара-бара такшалып, билбегенин үйрөнүп калган лидер ириде партиянын Уставын жаңылап, андан кийин кайрадан адилет министрлигинен каттодон партияны өткөрүп мыйзамдуу түрдө жетекчи болууга жетишет. Саясий кеңештин мүчөлөрүн шайлап, ишти ырааттуу баштайт. Чогуу-чаран кеңешкенден кийин башка партиялардай эле он жылдык мааракесин 400дөн ашуун мүчөлөрү менен бирдикте борбордогу кафеде белгилешет. Андан соң ар кайсы жерди байырлай бербей өз офисибизди жайгарып алалы деп “Илбирстин” үчүнчү кабатында кароосуз калган бөлмөлөрдү капиталдык ремонттон өткөрүп ошол жерден орун-очок алып калышат. Бөлүнө турган жердин маселесин чечүүгө жең түрүнө киришип, эми толук ишке кирише турган убакта каскак болуп ортодон арыз жазгандар пайда болот.
Андай мезгилде “кызыл шапкечендер” дароо келе калары белгилүү да. Ошентип былтыр 15-майда ооруканадан операция болуп чыкканына карабастан Ританы сүйрөгөн бойдон камакка салып тынышат. Көрсө сабаты жок, чалагайым аялдарды алдап анын үстүнөн акчаларды жеп койду деген арызды жолдотушуптур шылуундар. Чамасы алар партияны тартып алып, жерди каалагандай майкандайбыз деген ойлор менен кыялга батышса керек. Тилекке каршы мыйзамда жок нерсени -басып алууну, же тартып алууну жүзөгө ашыруу кыйын экенин кийин сезишип, мурдагыдай жулунбай калышат. Кандай болгон күндө да мыйзамдын чегинен ашпоо керек эмеспи?
Түрмө деген курорт эмес да. Операция кылынган жарааты айыкпагандыктан Р. Сулайманованы кайрадан М. Мамакеев атындагы клиникасындагы доктурлар операция жасоого мажбур болушат. Азыркы абалы деле абдан оор. Врачтардын айтымы боюнча дагы бир операцияны жасоо зарылчылыгы келип чыкты. Антпесе тигилген жерлер какыс айыкпайт. Шарт жок жерде оорулуу эмес соо адамдар деле сыркоолуу болуп калары шексиз. Ошондуктан аны эгерде сот адилеттүү, калыс болсо үй камагына чыгарып койсо адам тагдырына кайдыгер эместиги тастыкталмак. Негизи тосмо арыздар жазылган, анчалык деле доомат койгондор байкалбайт. Тескерисинче соттун күбөлөрү, атайын катышкандар бул айымды эбак эле эркиндикке бошотушу керек болчу деген таризде.
Рита Сулайманова катардагы эле жаран эмес, партиянын лидери. Анын колун караган миңдеген партиянын мүчөлүрү көйгөйлүү маселебизди чечер киши камалып жата берсе биздин тагдырыбыз эмне болот деп кабатыр болуп жатышат. Коомго коркунучтуу кылмышкер болсо бир жөн. Ошондуктан убакытты өткөрүп маалката бербей ишти батыл чечүү мезгили бышып жетилди. Сот Мирлан Термечиков тууралуу кыңыр кептер угулган жок. Анын принципиалдуу, паракор эместиги боюнча кабардар болгон кезибиз. Андай болсо адам тагдырына балта чаппай жок дегенде үй камагына чыгарып койсо, кертилип бараткан ден-соолугун чыңдап алууга шарт түзүлмөк. Анан калганын убакыт өзү таразалап коймок.
Булак: "Ачык сөз"