www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө кырдаалдар элчиси, айым Ду Дэвень менен жолугушуу өткөрдү

2019-жылдын 4-апрелинде, Ички иштер министри, милициянын генерал - майору Кашкар Джунушалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө кырдаалдар элчиси, айым Ду Дэвень менен жолугушуу өткөрдү.

Ду Дэвень айым жакында эле бул кызматка дайындалган.

Аны Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Цай Чжисюн менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин атташеси, мырза Чжоу Тиншэнь коштоп келген.

Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Ду Дэвень айымды жоопкерчиликтүү жана дипломатиялык миссияны аткаруу боюнча кызматка дайындалгандыгы үчүн чын жүрөгүнөн куттуктап, ага жаңы жетишкендиктерди жана анын алдына коюлган тапшырмаларды аткарууда ийгиликтерди каалап кетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызыкчылыктарды көздөгөн маселелерди талкуулашып, кийинки кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөө меселелерин карашып, укук коргоо түзүмдөрүнүн эки тараптуу кызматташтыгынын жаңы деңгээлин баалоо менен аны өнүктүрүүгө кызыктар экендигин белгилешти.

Жолугушуунун аягында, Кашкар Джунушалиев биздин өлкөлөрдүн ортосундагы көп жылдык жакын мамиле Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматтык байланышты бекемдөөгө жана өнүктүүргө кызмат кылаарына ишенимин билдирди.

Жолугушуу жылуу, достук жана иштиктүү маанайда өттү.

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости