www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясы бир жылдан бери ишке келбеген депутат Насыр Мусаевди мандатынан ажыратуу талабы менен Төрагага кайрылып, спикердин бул маселеге чекит коюу сунушу парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук жана регламент боюнча комитетке жолдонгону маалым.
Бирок, бир күн ишке келбеген депутатты кетирүү маселеси Канат Керезбеков жетектеген тармактык комитетинде каралбай, создуктурулуп жатканы кызык болууда. Буга чейин акчалуу дунган депутатты Канат Исаев ачыктан ачык колдоп келгени белгилүү. Исаев өзү да аталган комитеттин мүчөсү. Балким Исаев менен Керезбеков жең-ичинен келишип алып, маселени атайылап чоюп жатышабы?
Саясий коррупция жыттанган бул ишти эми Исаевден ашып түшүп Керезбеков калкалай баштаганы кызык. Же Керезбеков Дастан Жумабековду баласынтып, тоотпой жатабы? Болбосоакча көтөрүп, аңтаңдап чуркап жүрүшкөн Мусаевдин тарапташтары Керезбековду да сатып алып жүрүшпөсүн? Баса, Мусаевдин 6 айдан берки эмгекке жарамсыздык баракчалары да шек жаратып жатканы ачыкталууда. Оорусуна байланыштуу берилген эмгекке жарамсыздык баракчаларынын негиздүү берилгенин тастыктоо максатында Саламаттык сактоо министри К.Чолпонбаевдин демилгеси менен атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери башталганы маалым болду.
Эмгекке жарамсыздык баракчалары жасалма берилген болсо, анда Мусаевге кылмыш иши козголобу? Оорукчан эл өкүлү ишке келбесе да, айлык акыларын ушу күнгө чейин алып келгени кызык. Жардамчысын кошкондо мамлекеттен 1,5 млн. сом эмгек маянасын алган. Баарынан да иштөө мүмкүнчүлүгү жок болсо да, “өз каалоом менен кетпейм” деп көгөрүп, мандатты менчиги катары карап, креслого тырышкан депутаттын жоругу жолдо калсын. Көргөн-билгендер айтып түкүрүп жатышат. Эмнеси болсо да, Керезбековдун Мусаевдин ишин кебездей чойгонуна караганда бир мандем бардай...
Ау, Керезбекович мырза, барсызбы деги? Бирдеме деп койсоңуз боло? Жагдайды өз оозуңуздан угалы десек, таптырбай кеттиңиз. Сизди жок дей берип, жардамчыңыз да, биз тажадык. Мыйзамдын башында туруп,мыйзамдуулукту тебелеп, кайпактап качып жатканыңызга караганда, сатылып кеткенден алыссызбы деги?
Булак: NazarNews.kg