www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алишер өзүн шер ойлойт го?

Кырдаал өзгөргөнү үчүн айрым атка минерлер өз позициясын бекемдөөгө багыт алышты. Анткени учурдун “жакасынан” катуу кармап, алыска ат чабууга момент келди. Анын сыңарындай кыйладан бери жоор атты теминип жүргөндөр жумшак жерден орун алууга көздөрү чачырап турган маалы. Кандай болгон күндө да ким деле болсо жакшылыктан күдөр үзбөйт эмеспи?

Ошолордун сабында Алишер Мамасалиев да бар экенин айта кетели. Төрт күн мурда ал арызын жазып, “Өнүгүү” партиясынан чыкты. Мындай чечимин ал жөн жерден ойлонбосо керек. Акыйкатында эле Бакыт Төрөбаевдин ооматы кетип, чабал лидер экендиги алаканга салгандай көрүнбөдүбү? Бир туруп оңго кетип, кайра эле ава ырайы өзгөрүлсө солго карап калмайы бар. Буга окшогондорду алысты көрө албаган “сокур” деп коюшары белгилүү.

Ошондой сапаттарына басым жасаган Аликең анан кантип “үйүрүн” алмаштырбасын? Себеби, анын да колтугуна суу бүрккөндөр пайда болгону жашыруун эмес. Башкалардан өзүн шер ойлогон Мамасалиевдин ыргыткан чүкөсү каякка барып конорун жакын арада билебиз десек калпы чыкпайт.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости