www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти

Сооронбай Шарипович Жээнбековго

Ачык кат

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги»  (АРИС) 2003-жылдын 15-октябрында  Кыргыз Республикасында жакырчылыкты кыскартуунун Улуттук стратегиясынын алкагында  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен түзүлгөн. 

Алгач бул уюмду Э. С. Ибраимова жетектеп, ишти чакан коллектив менен баштаган. Алар демократиялык принцип, ачык- айкындык менен  иштеп,  кызматкерлердин кесиптик потенциалын жогорулатууга аракеттенип, аз убакыттын ичинде АРИСтин долбоорлорун Республика ичинде жайылтып, социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө салымдарын кошушкан.

АРИСтин кызматкерлери бири-бири менен иш тажрыйбаларын бөлүшүп, билимин жогорулатышып, 13 жыл бою “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарышып” ынтымакта эмгектенип келишкен. Бул жылдардын аралыгында көптөгөн жемиштүү долбоорлор ишке ашып, АРИС элдин ишенимине ээ боло алды. Бул  мезгилде  аталган уюмду ким жетектебесин  тууганчылык, жердешчилик, кошоматчылык, эки жүздүүлүк деген терс көрүнүштөргө каршы туруп, жалпы коллективди биримдикке, патриоттулукка, чынчылдыкка чакырып таза иштеп келишкен. 

2017-жылы АРИСке А. К. Муктаровдун жетекчи болуп келиши менен 13 жыл бою сакталган  принциптердин бардыгы жоголуп, суу кечпей калды. Ал Баялиев Майрамбек мырзаны  өзүнө орун басарлыкка дайындап, кеңешчи кылганы коллективдеги ынтымак акырындык менен ыдырады. “Вазир жакшы – хан жакшы» деп ата-бабабыз бекеринен айткан эмес экен,  вазир таза иштеп, туура кеңеш бермейин хандын иши алга жылышпасына күбө болдук.

Себеби, Баялиев Майрамбек мырза өзүнүн эки жүздүүлүк сапатын колдонуп, АРИСти баш аламандыкка алып келди. Муктаровду түз жолдон адаштырганы аз келгенсип, кийинки келген аткаруучу директор Бекполот Айтиевге АРИСтеги мыкты кызматкерлерди каршы үгүттөп, ишеним көрсөтпөөгө, аны иштен кетирүүгө аракеттенди. Каршы болгондорду коркутуп-үркүтүп арыз жаздырды. Иш таштоону уюштурду. Натыйжада көптөгөн кызматкерлер иштен кетүү тууралуу арыздарын жазышып, АРИС бир нече айларга артка кетти. 

Эң негизги өкүнүчтүү маселе ушундай башаламандыкты уюштурган Майрамбек Баялиев иштин башка жакка ооп бара жатканын көрөр замат, 180 градуска бурулуп иштен кетүү боюнча жазган арызын тытып, эч нерсе болбогондой “Бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок болуп” учурда иштеп жатат. Ал эми ага ишенген канчалаган мыкты, тажрыйбалуу кызматкерлер жумушсуз калышты.

Баялиев мырза жөнүндө айта берсек сөз бүтпөйт, ал учурда АРИСте 5 штаттык орунду жетектеп отурат. Тактап айтсак: 

Чүй, Талас облустары боюнча  «Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу» долбоорунун координатору;

“CASA-1000” долбоорунун координатору;
“Айылдарды инвестициялоо – 3” долбоорунун координатору;
“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -1,2” долбоорунун сокоординатору;
АРИСтин аткаруучу директорунун орун басары. 

Мындай бакандай болгон чоң долбоорлорго жетекчилик кылууга АРИСте Баялиевден башка кызматкер, татыктуу кадр жок калды беле?  Же мынча кызмат ордун басып, ээлеп алгыдай АРИС Баялиевдин менчигине айланды беле? Дагы белгилеп кете турчу нерсе, Баялиев АРИСте эмгектенгени  ал жетектеген бир дагы долбоор ишке ийгиликтүү аша элек.

Жогоруда Баялиев жөнүндө айта берсек сөз түгөнбөйт дедик, мунун дагы жүйөөсү бар. Ал АРИСтеги беделдүү, жетекчилик кызматты ээлеп алганы аз келгенсип, тууган-туушканын, жоро-жолдошун  тегерегине чогултуп алды.

Эмесе сөзгө өтөлү:

Нуржанов Бакыт- жакын досу, айылдашы.
Абдышев Майрамбек-жердеши.
Баялиев Чубак-иниси.
Алапаев Кубат- жердеши.
Амиров Мейкин- жердеши.
Ботокан уулу Жусуп- классташы.
Карыпбаев Эсен- группалашы.
Амирова Замира- жердеши.
Келдибеков Саламат-өкүл баласы.
Жолдошев Алмаз- өкүл баласы.
Бейшенова Бурул- аяшы.
Досалиев Белек- кайниси.
Карабаева Жаңыл - кудагыйы.
Токонов Сүйүн - курсташы.
Рамис- ассистент- аяш баласы.

Бул аты аталып, саналгандар “Жайыттарды жана мал чарбачылыгын башкарууну жакшыртуу” долбоорунда эмгектенгендер гана. Бул долбоордо жалпы кырк адам эмгектенсе анын жарымы өзүнүн жакындары түзөт. АРИСтин 15 жылдык тарыхында мындай кадр саясатында баш аламандык болгон эмес.

АРИСтин долбоорлору негизинен кыска мөөнөттүү, мурда долбоорлор аяктаганда кызматкерлерди жумушка орноштуруу үчүн окууларды уюштуруп, кийинки ачылган долбоорлорго иштөөгө даярдашчу. Азыр болсо Баялиевдин кеңеши менен ишине так, коорупцияга каршы турган кадрларды иштен кетүүгө аргасыз кылышып кубалоону адат кылып алышты. Мына ушулардан улам акыркы мезгилде АРИСте түзүлгөн баш аламандыкты токтотууга убакыт жетти. Андыктан тийиштүү чаралардын көрүлүшүн талап кылабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости