www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамга окшош музоо туулду

Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Музаффарнагар аймагында өң-келбети адамдыкына окшогон музоо туулганын The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, өтө сейрек кездешүүчү аномалиялык кемтик менен туулган жаныбар бир нече гана саат жашады.

 

"Өзгөчө" музоонун туулушу боюнча жаңылык чагылгандай тез тарап, көп өтпөй эле ал жерге Индиянын булуң-бурчунан адамдар агылып келе башташкан.

Жергиликтүү эл муну Вишну кудайынын дагы бир образда жаралуусу деп ишенип, ага сыйына башташты.

Учурда музоонун жансыз денеси атайын даярдаган айнек саркофагда сакталып турат. Эми аны өрттөп, күлүн храмда сактоону пландап жатышат.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости